Menu

Ишкерлерди текшерүүгө эки жылдык мораторий жарыяланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-декабрда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев текшерүүчү органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) жөнүндө» токтомуна кол койду.

Анда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» программасында ишкерликти колдоого алуунун чараларынын бири катары текшерүү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу каралган.

Бул мораторий 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирип, 2021-жылдын 1-январына чейин иштейт.

Экономика министри Олег Панкратов маалымдагандай, маалыматтык технологиялардын ишке киргизилиши менен мамлекет менен бизнестин өз-ара жардамдашуу механизми юридикалык жана техникалык жактан өзгөрүүгө дуушар болот.

«Ошондуктан биздеги салттуу колдонулуп келе жаткан көзөмөлдөө жана текшерүү формалары иш жүзүндө актуалдуу эмес. Биз техникалык жөнгө салууга өттүк, бул жүгүртүлүп жаткан продуктулардын, товарлардын, анын ичинде өндүрүш, ташуу, сактоо жана утилизациялоо процессинин коопсуздугун камсыздоочу, жөнгө салуучу тутум. Техникалык жөнгө салуу алкагында дал келүүнү баалоо жана аккредитация аркылуу рынокто эч кандай текшерүүсүз товарларды жүгүртүүнүн коопсуздугун камсыздоого толук мүмкүн, – деп маалымдады Олег Панкратов. – Мамлекеттик орган мезгил-мезгили менен текшерүү катары эсептелбеген контролдук сатып алууларды жүргүзүүсү керек, анда рынокто жүгүртүлгөн товарлардын мүнөздөмөсү дал келүү документтерине салыштырылат. Эгер алар дал келбесе, аталган сертификатты берген лабораторияны аккредитациялоодон ажыратуусу үчүн маалымат аккредитациялоо боюнча органдарга берилүүсү керек».

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, дал ушул механизм – бизнестин ишине кийлигишпестен, рыноктогу коопсуз продукцияны камсыздоого жетиштүү.

«Сунушталган мораторий мамлекеттик органдардын бизнес менен өз-ара кызматташуусунун заманбап ыкмаларына өтүүсүн стимулдаштырууга багытталган. Биринчи кезекте бул салык кызматына тийиштүү. Бүгүн биз салык төлөмүн башкарууну маалыматташтыруу тутуму үстүндө активдүү иш алып баруудабыз, мында салык кызматы бардык бүтүмдөрдү, товарлардын жылышын, салык төлөмүн чегерүүнүн тууралыгын онлайн режимде көрүп турат. Ушул механизмдин киргизилиши менен ишканада инспектордун катышуусундагы текшерүүгө муктаждыктар жана коррупция деңгээли толугу менен жоюлат деп ишенем», – деди Олег Панкратов.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, ишкер субъектилерин текшерүү жүргүзүүгө киргизилип жаткан мораторий жарандардын коопсуздугуна жана ден-соолугуна эч кандай коркунуч келтирбейт.

«Баса белгилеп кетүүчү нерсе, мораторийдин учурунда ыйгарым укуктуу органдар укук бузуулардын алдын алуу максатында мыйзам талаптарын сактоо маселеси боюнча консультативдик көмөк көрсөтүшөт», – деди премьер-министр.

Бизнести текшерүүгө киргизилген тыюу салуу формалдуу түрдө болбостон, ишкерликти колдоого алуунун натыйжалуу механизми катары каралышы керек.

«Бул популисттик экономикалык саясат эмес, бизнести колдоого алуу жана коргоонун конкреттүү механизми. Мораторий Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн шартын жеңилдетип, ошол эле учурда ишкерлердин мыйзам сактоо жаатындагы чоң жоопкерчилигин түшүндүрөт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Экономика министрлигине бизнес-коомчулук арасында мораторийдин максаттары жана милдеттери жөнүндө кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

«Кол коюлган токтомду аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликти ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине жүктөйм, бул маселени жеке көзөмөлгө алууну жана ишкерлик субъектилерди негизсиз текшерүүгө жол бербөөнү өтүнөм», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мораторий төмөнкү ыйгарым укуктуу органдардын ишкерлик субъекттерди текшерүүсүнө жайылтылат:

– Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

– Кыргыз Республикасынын Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

– Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы;

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Баалуу таштар департаменти;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармектер жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти;

– Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти;

– Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүүнү жөнгө салуу, көзөмөлдөө башкармалыгы.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: