Menu

Кайрат Медетбаев, Апрель баатыры, “Апрель элдик кыймылынын” төрагасы: “Адам жаны ооруганда кайдыгер болуп, алакан жайгандан башканы билбеген министрдин кереги жок”

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары өлкөдө бөйрөк оорусунан жабыркап, гемодиализге байланып калган жарандардын катары өсүп баратат. Баасы асманды чапчыган бул дарылоо курсун бардык эле оорукчандардын алууга мүмкүнчүлүгү чакталуу. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары трибунадан ооруган жарандардын маселесин айтып, гемодиализди арзандатуу, мамлекеттин эсебинен оорулууларга берүү сунушун айтышканы менен эч кандай жылыш болбоду. Аны акыр аягына жеткирүүгө бир да эл өкүлү билек түрүнүп киришпеди. Ал эми эч кандай бийлиги, мансабы, же байлыгы жок карапайым Кайрат Медетбаев бир канча жылдан бери оору менен алышкан адамдардын оорун жеңилдетүү аракетин жасап келатат.

– Кандайча гемодиализге муктаж адамдардын маселесине сүңгүп кирип, жардам берип баштадыңыз? Ар бир иштин себеби болот эмеспи.

– Чынында бул масслени билчү эмесмин. 2010-жылдары апрель окуясында алган жараатым мени да ооруканага байлап койду. Бир нече күн комада жаткам. Азыр басып жүргөнүм менен тез-тезден дарылануума туура келет. Ден-соолуктун кадырын биле баштаганыңдан кийин башка оорулуулардын да абалына кайдыгер карай албайт экенсиң. Акыркы жылдары бөйрөк оорусунан запкы жеген жарандарыбыздын катары өсүп баратат. Аларга мамлекет тарабынан эч кандай жардам жок. Гемодиализди өз каражатына алып турууга аргасыз. Анысы да жетимдүү баада эмес, бир жумада бир нече жолу алууларына туура келет. Мындайда ооруган адам жардамга муктаж болот. Кыргыздын уулу катары жаны кыйналган мекендештериме кайдыгер карай албай жүрүп эле, жардам берүүнү өнөкөткө айландырдым. Мен бул кылганым менен атымды чыгарайын, элге таанылайын деген ниетим жок, Алла Тааланын шыпаасы менен мен себепкер болуп, эки адамды болсо да өлүмдөн куткарып калсам, сооп иштерди жасасам деген гана тилегим бар.

– “Бөйрөк оорусу менен жабыркагандардын саны өсүп баратат”- дедиңиз, бул эмнеден улам болуп жатат деп ойлойсуз?

– Бөйрөгү соолуп, өлүм алдында жатса да гемодиализге жете албаган карапайым адамдарды көрүп каңырык түтөйт. Учурда 3 миң 600 адам өмүрүн ушул каражатка байлап коюшкан. Бул, албетте, чакан Кыргызстан үчүн көп. Менимче, экологиянын бузулушу, абанын булганышы да бул оорунун жайылышына себеп болуп жатат. Сырткы миграциянын да “салымы” чоң. Чет мамлекетте иштеп, акча табуу үчүн кеткен жарандарыбыздын кээ бирлери өздөрүн карашпай, күнү-түнү иштеп жатышып, ушундай дартка туш болуп кайтып келишкенин оорулуулар менен аралашып жүрүп билдим. Экологияга өзгөчө көңүл бурууга убакыт келип жетти. Мончо, сауна сыяктуу абаны булгаган түтүн бөлүп чыгарган жайларды жаап, ар бир үйдү газ менен жылытууга өтсөк, балким ар кандай дарттардын пайда болушун азайтат белек деп ойлойм.

– Гемодиализ маселеси боюнча бийлик өкулдөрүнө кайрылдыңыздарбы? Саламаттыкты сактоо министрлигинен аракет болуп жатабы?

– Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып көрдүк, министр Космосбек Чолпонбаев: “Эмне кылайын, мындай оорулардын далайын көргөнбүз. Жардам бере албайбыз”,- деп чорт кесе айтты. Орун басары да “колубуздан эч нерсе келбейт”- деп ийин куушургандан башкага жараган жок. Өкмөт, президенттик аппараттын жетекчилерине чейин кайрылганбыз айла кеткенде. Биринен да көңүл жубатаарлык жооп ала албадык. Депутаттардын айрымдарына кат жүзүндө кайрылып, айрымдарына оозеки айтып, ал турмак ээрчитип барып, акыбалы оордогон жарандарыбызды да көрсөттүк. Баары эле куру убада менен убакытты созуп келатышат. Тагдырдын сыноосунда калган жарандарыбызга кол созгонго жарабаган эл өкүлдөрү бизнесин сактоо үчүн эле парламентке келишкендей. Кайсы жакты караба, кайдыгерлик. Акчасы жоктугунан гемодиализге жете албай, бөйрөгүн алмаштыра албай оорулуулардын кээ бирлери бул жашоодон өтүп кетишти.

-Эл берген жардамдын шарапаты менен айыгып кеткендер болдубу бул оорудан?

– Ооруган адамдарга жардам бере баштаганыма беш жыл болуп калды. Бул убакыт аралыгында бир топ жарандардын ажаатын ачып, айрымдарын акысыз гемодиализ алууга которсок, эки баланы Түркияга алып барып бөйрөгүн алмаштырып келдик. Кабылова Махабат аттуу кыздын бөйрөгү иштебей калып, оор абалда экен. Гемодиализди бекер алууга котордук, ушуну менен үчүнчү жолу буйруса бекер алат. Оорулууларга бул каражатты мамлекет тарабынан бекер берүүгө жеткирүү идеясын өзүм көтөрүп, аны ишке ашырууга көп күчүмдү жумшадым. Ар кимден ар кандай сөз уксам да, ачык эле, “Сен гемодиализ маселесине кийлигишпе. Аны Саламаттыкты сактоо министрлиги өзү чечет”, – деген коркутуулар болсо да, өжөрлөнүп жатып жыйынтык жаратуудамын. Апрель окуясында ок жеп, ооруканалап жүргөнүмдө, Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын тургуну Калмамбетов Жаныбектин туугандары кайрылып калышты. Ал киши бөйрөк оорусуна тушугуп, айыгуунун аракетинде үй-мүлкүн сатып, акырында эч нерсеси жок калыптыр. Биз кийлигишип жатып, аны бекер гемодиализге өткөрдүк. Бир канча убакыттан кийин Түркияга алып барып бөйрөгүн алмаштыртып келдик. Азыр, Кудайга шүгүр, абалы жакшы. Мен жардам сурап кайрылгандардын бир-экөөсүн эле айттым. Негизи, мындай маселелерди Саламаттыкты сактоо министрлиги карашы керек болчу. Карамак тургай, коррупцияга белчесинен чырмалып жатат. Колунда бары гемодиализ алат экен да, колунда жогу өлүп кете берет экен. Менин оюмча, мындай министрлердин бизге кереги жок. Адам жаны ооруганда көзүнөн дарыгерлер учат, а дарыгерлердин эң жогорку башчысы – министр өзү баш болуп, алаканын жайып отурса, коррупция менен күрөшүп жатабыз деген ураанга дал келбейт. Коррупция менен күрөш жүрүп жатат деген сөз гана болбосо, иш жүзүндө тескерисинче, жемкорлуктун желеси болгон тармакты чырмап алганын мен ушул маселеге аралашкандан кийин гана толук билдим.

– “Апрель элдик кыймылын”жетектейт экенсиз, бул кыймыл кандай иштерди аткарат?

– Биз негизинен кайрымдуулук иштерине басым жасап келебиз. Анткени, өмүрдүн барк-баасын билип калгандарбыз. Мен ок жегем дебедимби, бир ок бөйрөгүмдөн кирип, артымдан чыгып кеткен. Экинчи ок бутумду талкалаган. Аба ырайы бузулганда оорутат. Апрель окуясынын жараат алган башка катышуучуларынын да акыбалы мендей. Баарыбыз ден соолуктун азабын тартып калдык. Бизге деле мамлекет жардам бербейт, эчак унуткан. Ошондуктан, бири-бирибизге көмөк көрсөтүп, анан баарыбыз бирге оорулууларга, майыптарга, үй-жайы жокторго жардам колун сунууну чечкенбиз. Учурда бардык тармактар менен тыгыз байланышып иштеп келатабыз.

– Кандуу окуяда сиздер сыяктуу ден-соолугуна запкы жедиргендер да, каза тапкандар да бар. Бүгүнкү күндөгү мамлекеттин абалын карап отуруп, ушул нерсени жасаганыбыз туура болгонбу, же өмүрдү кыл учуна кадоонун зарылчылдыгы жок беле деген ой пайда болобу?

– Чындыгында, Апрель революциясы максатына жеткен жок. Ак үй алдында каза тапкандардан башка да, ошол жерден алган жараатынан каза болгондор бүгүнкү күндө да бар. Айрымдарынын жарааты рак оорусуна айланып кетти. Бейшеналиев Дуулат деген агабыз азыр Бишкекте Гемотологияда дарыланууда. Аны мамлекет карап деле койгон жок, өзүбүз жардам берип жатабыз. Канчалаган жан өлдү… бирин эстештиби?.. Жада калса батирлерди да толук беришкен жок. Бизге кошулуп, атыбызды жаман атты кылган жасалма баатырлар эле албаса, биз дагы деле үйгө жете албаган абалдабыз. Бийликтен убак-убагы менен Сурангандан биз тажабайбыз, эртең-бүрсүгүнү деп тил эмизгенден ал тарап тажабайт. Учурда 650 катышуучу үй ала элек. Арасында ден-соолугунан ажыраганы аз келгенсип, ар кайсы жерде батирлеп, акысын төлөй албай калып, көчөгө чыгып калгандары да жок эмес.

– Түркияга эки баланы алып барып бөйрөгун алмаштыртып келгениңиздерди айтып атасыз. Ошондо аткаминерлерден, же аты таанымал байлардан жардам бергендер болдубу?

– Биз баарына кайрылганбыз. Байларына да, аткаминерлерге да. Бирок, аларда мерездик күч экен, өлүм алдында жаткандарды көрсө деле кабак-каштары кыймылдабайт. Бир гана Темир Сариев өкмөт башчысы болуп турганда коомдук кеңешчиси элем, ал кишиге үнүмдү жеткирип, көп жардам көрсөттү. Андан башка “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев да колунан келгенин жасады. А калганы карапайым элден чогулду. Элден айланса болот, аткаминер, олигархтар көрүп жаткан жашоонун чекесин көрбөгөн жөнөкөй адамдардын колу ачык, берешен келишет.

Махабат Кабылова, бейтап: “Бир жолку гемодиализ алганыма 5500 сом төлөйм, күн алыс алыш керек” 

– 2016-жылдан бери мамлекеттин эсебинен берилчү гемодиализге кезекте турам. Биринчи 80-орунда элем, кийин 105-орунга жылып кетиптирмин. Эмнеге алдыга эмес, артка жылып жатканымды сурасам, “ишемби, жекшембиге туш келип калды”- деген түшүнүксүз жоопторду беришет. Кээ бирлер кезегин акча берип, алдыга жылдырып алышканын уктум.

Бөйрөк оорусунан жабыркаганыма көп болду, гемодиализ алууга жеткирбейин деп, көп жыл диета сактап, дары-дармек колдонуп жүрдүм. Бирок, акырында келип бул каражатка байландым. Бир жолку алганыма 5500 сом төлөйм, күн алыс алыш керек. Эгер айтылган убакта ала албай калсам дем жетпей, аябай кыйналам. Гемодиализди алуу деле оңой эмес, кээ бир организмге жагат, кээ бирине жакпай кыйнайт. Тийиштүү жактарга кайрылып көрдүм, “үйүңдү сат”, – дегендер болду. Өзүм ижарага алынган батирде жашасам, кайсы үйүмдү сатмак элем? Ден-соолугума байланыштуу учурда иштебейм. Туугандарым, ата-энем жардам берип келишти. Алардын да тапканы мага кетип, кыйналып калышты. Ошол убакта Кайрат Канагатовичтин бөйрөк оорусунан жабыркагандарга жардам берээрин угуп калып, кайрылдым. Баш тартпай, колунан келген көмөгүн көрсөткөнүнө ыраазымын. Анын жардамы менен бекер гемодиализ алып баштадым. Бул каражат акыбалды тынчтандырат, бирок айыктырбайт. Айыгуу үчүн бөйрөктү алмаштырыш керек экен. Кайрымдуу адамдардан жардам суроого аргасызмын.

Маектешкен: Арина Рыспаева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 25 − = 23

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: