Menu

Видео – Жумгалда оор абалдагы үй-бүлө жардамга муктаж

Бөлүшүү:

16-декабрь күнү  Нурдин Мотуев аттуу жаран, Жумгал районун Байзак айылынын тургуну Сасыкулов Качкынбайдын үй-бүлөсүндөгү оор абалды “Facebook” социалдык тармагына жарыялаган. Үй-бүлөнүн жашоо шарты менен таанынышкандан кийин  КРнын социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровго  жогоруда аталган айылдагы үй-бүлөө туурасында кайрылуу жасаган.

Кайрылуу

Урматтуу Улугбек мырза! Кепти ток этээринен баштасак Жумгал районунда болгон сапарымда 19-кылымда жашап жаткан үй-бүлөөгө кезиктим. Мындан башкача салыштыруу колумдан келбеди, тилекке каршы… Сасыкулов Качкынбайдын үй-бүлөсү ушундай шартта жашап жаткандыгына карабастан жубайынын гана арзыбаган пенсиясына таянышат экен. Анткени, чарбага карызы көптүгүнө байланыштуу өзү пенсияга чыга албай жүрөт. Качкынбай аксакалды да туура түшүнсө болот, анткени, жубайынын эки көзү тең көрбөгөн, 1-топтогу майып. Аны карап, үйүнөн чыга албай эки колу жипсиз байланып, чарбачылыгы калып кеткен. Натыйжада жер салыгы жана башка төлөмдөрдү убагында төлөй албай, карызы көбөйө берип ушул ахыбалга келип калышкан экен. Кимдерге кайрылганын жубайы Кадыркулова Элмира айтып берди, жыйынтыгын көрүп турасыздар. Кыскасы, ушул үй-бүлөнүн бүгүнкү ахыбалына көз салып көрүңүзчү!

https://youtu.be/M4VAft9cZn4

Сиздин карапайымдар үчүн жасап жаткан аракеттериңизге коомчулукта жакшы пикир бар! Демек, үмүт бар! Терең урматтоо менен замандашыңыз… (Байланыш телефондору:0700363636, 0707120683…)

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: