Бүгүн, 19-декабрда «Москвадагы LG заводунда иштейсиңер” деген сунуш боюнча барып, бирок, алданып, Россияда кулчулукка тушуккан кыргызстандык мигранттардын маселесин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү териштире баштагандыгы белгилүу болду.
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин маалымат-катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
-Кыргызстандык жарандарды алдап, Москвага жөнөткөн уюм боюнча жабырлануучулардын арызы Кыргызстан ИИМинин өкүлчүлүгүнүн тергөө бөлүмүнө берилди. Ошондой эле, Москвадагы кыргыз диаспорасы бөтөн жерде аргасыз абалда калган мекендештерибизге акчалай көмөк көрсөтүшкөн, мейманканаларга жаткырышкан. Азыр алардын баары Москвада. Дээрлик ар бири өзүнө ылайык башка жумуш тапты, – деди маалымат катчы.
Мындан тышкары, Г.Байымбетова эмгек мигранттары элчиликтин, миграция кызматынын ж.б. тиешелүү органдардын кызматкерлери менен дагы жолугушуп, сүйлөшүшкөндүгүн маалымдады. Айтымында, Москвадагы кыргыз консулдугунун юристтери дагы мигранттардын расмий арызын кабыл алган.
Эске салсак, жакында Кыргызстандагы ЖМКга кимдир бирөөлөргө алданып, орус мамлекетинин борбор шаарында көчөдө калган кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар жарыяланган эле. Бирок, Москвадагы элчилик ал маалыматты адегенде жалганга чыгарып жаткан болчу.
Булак: KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ