Бул тууралуу Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиева «Азаттыкка» айтып берди. Ал:” Кадр маселеси бар. Бизде кадрлар 60 пайызга алмашкан, жаңы судьялар келген. Ал эми жакшы судья болууга жок дегенде беш жыл керек. Бизде алты миллион элге 500гө жетпеген судья бар. Алар өсүп-өнүккөнчө мыйзамдарды туура колдонуп, кандай ыкмалар менен чечим чыгарары чоң маселе. Биз аларды тез-тез окутуп жатабыз”- деди. Белгилей кетсек, сот системасына 2016-жылы 1 миллиард 213 миллион сом, 2017-жылы 1 миллиард 260 миллион сом,
2018- жылы 1 миллйард 555 миллион сом жана 2019- жылы 2 миллиард 154 миллион сом сарпталган. Мындан тышкары чет мамлекеттерден келген да гранттар жана ар кандай долбоорлордун каражаты да аз эмес.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ