Menu

Жылдын адамы – Сооронбай Жээнбеков

Бөлүшүү:

«Майдан.kg»  гезити быйыл “Жылдын адамы” деп кыргыз ажосу Сооронбай Жээнбековду таап олтурат. Жаңы президенттин демилгелүү иштерин, коррупцияга каршы баштаган чечкиндүү күрөшүн эл баалап келет. Төмөндө өлкө башчысынын бир жыл ичинде жасаган иштерине саресеп салып, бейнесине сүртүмдөрдү жаздык…

Алгачкы жылдын экономикалык жыйынтыктары

Жыл аягына чыгып баратат, ит жылынын Кыргызстан үчүн бардык тараптардан динамикалуу болгондугу эч кимде талаш туудурбайт. Дүйнөлүк банктын божомолу боюнча, ушул жылдын жыйынтыгы менен экономикабыздын өсүшү 4 пайызды түзүшү күтүлөт, бирок жергиликтүү адистердин эсептерине ылайык, өлкөнүн ички дүң жыйымынын өсүшү 3 пайыздын тегерегинде болот, аны өткөн 11 айдын жыйынтыктары ырастады. Анткени, биздин негизги соода-экономикалык өнөктөштөрүбүз болгон Орусиянын, Казакстандын экономикаларынын өсүш темптеринин басаңдоосу – бизге да өз таасирин тийгизүүдө. Бирок, андай обьективдүү жагдайларга карабастан, мурда көп жылдар бою сенектик абалдан чыкпаган, ИДПнын жарымына жакынын берген айыл чарбасында 2 пайыздан ашык өсүштүн болушу – республикабыздын экономикасынын ишенимдүү өнүгүү жолуна түшө баштагандыгын айгинелейт.

Биз негизинен агрардык өлкөбүз, демек, экономикабыздын негизги барометри – айыл чарба продукцияларын өндүрүп сатуу, кайра иштетүү болуп саналат. Акыркы жылда дыйкандарга, фермерлерге насыяларды берүү жеңилдетилип, алардын үстөк пайыздарынын төмөндөтүлүүсү өзгөчө кайра иштетүү өнөр жайына негизги басым жасалуусу айыл-чарбасынын сенектик абалдан чыгуусуна чоң түрткү болууда. Он бир айдын жыйынтыгы менен өнөр жай продукцияларын чыгаруунун өсүшү 8,4 пайызды түзсө, курулуш, тейлөө тармактарынын да жыйынтыктары жакшы болду. Бул тармактарда акыркы айда негизинен ага чейинкилердин темпи сакталат.

Ошентип аракеттеги президенттин алгачкы жылынын экономикалык жыйынтыктары жакшы экендигин ишенимдүү айтууга болот.

Президент мамлекеттик чиновниктерди эл үчүн иштеткени жатат

Президент С.Жээнбековдун коррупцияга каршы элдешкис күрөш жүргүзүп жаткандыгы, жакынкы жана алыскы өлкөлөр менен саясый, экономикалык мамилелерди жакшырткандыгы жөнүндө жетиштүү айтылып атат, дагы деле өзүнчө сөздөргө арзыйт, бирок мен мында аракеттеги президенттин эмнегедир жетиштүү чагылдырылбай жаткан иштерине токтолууну туура көрдүм.

Мында түз эле Сооронбай Жээнбеков айылдык деңгээлден берки кызматтарда иштеп, жер-жерлердеги тургундардын көйгөйлөрүн жон терисинен өткөрүп жүрүп, мамлекеттин башына келээри менен аларды чечүүгө аябагандай активдүү киришип жаткандыгын айткым келет.

Бизде жыл сайын орто эсеп менен 30 миңдин тегерегиндеги адамдар пенсияга чыгышат. Мурда алардын пенсияга чыккандыгын “оформить” этүү үчүн 2-3 ай тынбай жүгүрүшүп, көп жерлерден кагаздарды чогултушарын көрүп жүрчүбүз. Мурда иштеген ишканалардын, уюмдардын баары бар болсо да бир жөн, бирок алардын айрымдары жоюлуп жатканда тийиштүү документтерин архивдерге тапшырбай коюшса, чыныгы кыйынчылыктар ошондо башталчу. Эми 2019-жылдан тартып иштей баштай турган жаңы тартипке ылайык, пенсияга чыгып жаткан жарандардын керектүү документтеринин бардыгын жергиликтүү соцфонддор өздөрү чогултушат. Бул улгайгандарды, өзгөчө майыптарды жана оорулууларды канчалаган түйшүктөрдөн куткарат!

С.Жээнбеков бийликке келгенден тартып, “калкты мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар боюнча тейлөөнү жакшырткыла, ашыкча кагаздардын бардыгын азайтып, бирдиктүү терезелерди түзгүлө, бир маселе боюнча мамлекеттик органга кайрылган адам ишин бир жерден гана бүтүргөндөй болсун, бюрократтык илинчектерди жоюу – коррупциялык мүмкүнчүлүктөрдү да азайтат”,- деген талаптарды коюуда. Бул багыттарда “Түндүк” системасы, “Коопсуз шаар”, “Электрондук өкмөт” долбоорлору ж.б. иш-чаралар ишке ашырылууда.

Коопсуздук кеңешинин ушул жылдын 14-декабрында санарипти өнүктүрүү боюнча өткөрүлгөн жыйынында жакынкы беш жылдын ичинде өлкөнү санариптик экономиканын лидерлеринин бирине айландыруу милдет кылынып коюлду. Келерки жылдын аягына карата мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн 189 түрү электрондук форматка өткөрүлгөнү жатат. Алар ишке ашырылса, элдин түйшүктөрү канчага жеңилдегени турат. Мурда курулуп бүткөн үйүнө “пайдаланууга берилди” деген документти алгысы келген адам чоң шаардын ар бурчундагы 5 мекемеге барып, ал жерлерде бир нече сааттап кезекте туруп, анда иштегендердин өйдүк-сөйдүк сөздөрүн уккандыгы да аз келгенсип, бир жума убактысын коротсо, алардын баары эми келерки жылдан тартып эсептелүү сааттардын ичинде бир эле жерде бүткөрүлө баштаса, кандай сонун! Мисалы, азыр менчик үйдү 3 фазага улатуу үчүн 5 жерден уруксат кагаз алып, эки текшертүүдөн өткөрүү талап кылынат. Алардын көбү формалдуу эле нерселер.

Калкты архитектура жана курулуш, коммуналдык кызматтар  боюнча тейлөөлөрдө канчалаган бюрократтык илинчектер бар? Баары эле элдин чөнтөгүн аңдышып, кагазга мөөр баскандыгы үчүн да бир нерсени алгылары келип турушат. Президент Коопсуздук кеңешинде эң туура айткандай, азыр ооруканага киргенден чыгып кеткениңе чейин “мынча төлө, анча төлө” деп гана турушат. Алардын мыйзамдуулары бирин-экин болсо, мыйзамсыздары ондоп саналат. Мына ошолордун баарын тартипке келтирип, мыйзамдууларын ооруканага кирип баратканда эле бир жерге төлөй турган кылып, ичинде жүргөндө башка эч нерсе төлөбөй турган кылып койсо, коррупциялык көрүнүштөр ошол замат тыйылмак. Анткени, алгачкы төлөгөндөн башкасынын баары пара экендигин ооруулуулар билишмек. Азыр кайсынысы мыйзамдуу, кайсынысы мыйзамсыз экендигин сырттан баргандар билишпейт. Ал эми транспорттук каражаттарды каттатуудагы, майыптыгы же багар-көрөрү жок экендиги боюнча документтерди жыйноодогу кыйынчылыктарчы?

Мына ошол элдин түйшүктөрүн көбөйтүп, вазийпаларыбыз элди кыйнап, бир нерселерди өндүрүүдө деп жүргөн жер-жерлердеги мамлекеттик жана муниципиалдык чиновниктерге президент “силердин милдетиңер элдин түйшүктөрүн жеңилдетүүдө” деп ачык айтып, аларды эл үчүн иштеткени жатат.

Социалдык революцияга тете иштер

Сооронбай Жээнбековдун коррупцияны ооздуктап, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды чындап эл үчүн иштеткени жатканы – мазмуну жана масштабы боюнча социалдык революцияга тете көрүнүш экендигин айтсак жаңылышпайбыз. Анткени, ал мамлекеттик жана муниципалдык органдар менен элдин ортосундагы мамилелерди түп тамырынан жакшыртып, жаңылаганы жатат. Анын эл үчүн, коомдун келечеги үчүн саясый, социалдык мааниси саясый, экономикалык реформалардан да чоң. Эгерде мурдагылардай: “революция, реформа!”- деп ооз толтура кыйкырган менен алар элдин турмуштарын, түйшүктөрүн жеңилдетпесе, алардын деги кимге кереги бар?

Мен жалпыга маалымдоо каражаттарынан Англиянын тургундары паспорт алуу үчүн эч жерге деле барбастыгын, алар тийиштүү документтерди жыйнап, почтадан салып жиберсе, эки жумада паспорт почта аркылуу кайра келип тургандыгын окуп, чындап таң калчумун. Ал менин “мамлекеттик орган жана адам” деген мурдатан калыптанган түшүнүгүмө, тажрыйбама таптакыр айкалышчу эмес. Мамлекеттик орган деген мен үчүн дайыма сага ишенбей,  шектүү карап, кагаздарды жыйнап, кошумча текшерүүлөрдөн, сыноолордон, түйшүктөрдөн өткөрүп туруучу аппарат катарында гана кабылданчу. Президент ал аппаратты сындырбастан, акырындап өзгөртүп, эл үчүн кызмат кылчу волонтёрлорго окшогон ийкемдүү субьектилерге айландырганы жатат. Күч органдарын реформалоо да ошого багытталган. Ошентип Англияда жарандын эң башкы, эң негизги документи делген паспорт ушундай жеңилдикте алынса, калгандарынын бардыгы электрондук почта аркылуу эле бүткөрүлөт окшойт. Мына, эл үчүн кам көрүү, жарандарын сыйлоо деген! Ал эми бизде өзүң жашаган дарек боюнча тактама алуу үчүн да айыл өкмөткө барып, кезекке туруп, тыйынын төлөшүң керек. Мындан ары аны талап кылган орган өзү эле аны электрондук почта аркылуу алуусу зарыл.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө санариптик түзүмдөрдү өнүктүрүү – андан ары “ Акылдуу шаар”, “Акылдуу мектеп”, “Акылдуу бейтапкана”, “ Акылдуу фабрика” ,” Акылдуу ферма”, “Акылдуу транспорт” сыяктуу дагы бир катар “акылдуу” долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болорун айтты. Алардын баары ийгиликтүү ишке ашырылса, биз коррупциядан тазаланган, ар кандай терс көрүнүштөр азайган “Акылдуу Кыргызстанда” жашап калышыбыз толук мүмкүн. Мындай ыйык милдеттерди ырааттуу жүзөгө ашырып жаткан мамлекет башчысына рахмат айтуу менен иштерине ийгиликтерди гана каалайлы.

Автор: Мирлан Дүйшөнбаев, ЖКтин КСДП фракциясынын Катчылыгынын эксперти

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: