Menu

Айтпай Жээналиев, коомдук ишмер: “Парламенттик башкаруу өзүн актаган жок”

Бөлүшүү:

Айтпай Жээналиев тээ Совет доорунда дагы, ошондой эле эгемендүүлүктүн эң эле опурталдуу жылдарында деле жалаң жетекчи кызматтарды абийирдүү аркалады. Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер – маектешибиз соңку жылдарда Баш мыйзамыбыз түп тамырынын бери өзгөртүлсө дагы, Кыргызстандагы парламенттик башкаруу өзүн-өзү таптакыр актаган жок жана бул система дагыле келечексиз деп эсептейт

– Айтпай мырза, 1993-жылкы Баш мыйзамда бийлик бутактарынын (президенттин, өкмөттүн, парламенттин) тең салмактуулугу өтө бекем сакталган эле. Анан аны улам-улам өзгөртүп жатып, акырында “кутулгус балээге кабылдык!”- дегендерге кошуласызбы?

– Танып не. Легендарлуу Парламент 1993-жылы эң мыкты Баш мыйзамды кабыл алган. Муну эч ким азыр деле тана албайт. Анда биздеги бийлик бутактарынын – президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ортосундагы укук ченемдери баарына тең тепетең гана бөлүштүрүлгөн. А азырчы? Булардын бири дагы жок!

– Эң башкысы?

– Эң башкысы: Эл – бийликтин булагы болуучу. Азыр деле Баш мыйзамыбызда дал ушинтип бадырайта жазылганы менен, а иши жүзүндө таптакыр андай эмес! Шайлоочулар депутаттарды мөөнөтүнөн мурда чакыртып алуу укугунан биротоло ажырашты. Ошондой эле башка конституциялык укуктары дагы дээрлик чектелди. Мындай шартта кандай гана бийлик келбесин, карапайым калк менен эзели эсептешпейт! А алардын айткандарын угуп гана коюп, көбүнчө кулак сыртынан гана кетиришет.

– Демек, Кыргызстандагы парламенттик 6ашкаруу системасы өзүн-өзү актаган жок деңизчи?

-Ананчы! Эң ириде өлкөбүзгө таптакыр жоопкерчилиги жок гана системаны түптөп алдык. Ошентип, Кыргызстан азыр мышык ыйлагыдай акыбалда десем, мен эч жаңылышпаймын. Бүгүнкү аянычтуу кебетебизге президент дагы, өкмөт дагы, Жогорку Кеңеш дагы таптакыр жооп бербейт! Анан күнөөнү булар уялбастан бири-бирине төңкөрүп коюп гана олтурушат, эй! Бул жерде Башмыйзамыбызды токтоосуз өзгөрткөн Өмүрбек Текебаевдин деле айыбы жок! Убактылуу, ой, бактылуу өкмөт өз элин дал ушундай туңгуюкка кептеп таштабадыбы. Бирок, муну үчүн Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири дагы саясий, укуктук жана моралдык жоопкерчиликке тартылган жок! Көрөсүңөр, мунун азабын болочокто көп жолу жана куп гана тартабыз!

– Анда ушундай кыйчалыш кезеңде Кыргызстанга мамлекетти башкарунун кайсыл түрү абдан ыңгайлуу деп эсептейсиз?

– Дал бүгүн, менимче, биз абдан күчтүү президенттик башкарууга зарбыз! Балким, “Президенттик башкарууну көрдүк го. Таптакыр келечеги жок экен. Баары эле Аскар Акаевди, Курманбек Бакиевди, Алмазбек Атамбаевди каратып туруп сатып кетишти. Эми булар Сооронбай Жээнбековду деле соо коюшпайт!”- деп кооптонуп жаткандырсыңар. Жо-жок, андай эмес! Эгерде командасы тың жана таза болсо, анан баарынан мурда президент өзү колго бир тийген бийлигин эч узурпациялабаса, үй-бүлөлүк жана кландык башкарууга дегеле жол бербесе, буга улай бийлик бутактарынын тең салмактуулугун дайыма бекем сактаса, азыркындай кооптоонуга деле негиз калбай калат.

– Демек, Сиздин оюңузча, парламенттик башкаруу Кыргызстанда өзүн-өзү актабадыбы, ыя?

– Кесе айтайын, ооба! Бийлик бутактарын, жогоруда айтканымдай, чукул арада тең салмакташтырганыбыз ийги! Анан өлкөбүздө Жогорку Кеңеш жалаң гана мыйзам чыгаруучу орган сыпатында гана иштегени оң! Кичинекей Кыргызстанга 60-65, же болбосо, 40-45 депутат жетишет. Бирок, булар жалаң юрист, экономист, агартуучу өңдөнгөн кесипкөйлөрдөн гана куралышы кажет! Көрдүңүздөр го, биздикиндей унитардык өлкөдө парламенттик башкаруунун дегеле болочогу жок!

– Айтпай мырза, Сиз бирнгезде айыл өкмөтүн, анан барып гана районду жетектедиңиз. Азыр жемкорлук дегеле кайсыл катмарда күч?

– Мен президентибиз Сооронбай Жээнбековдун жемкорлукка каршы аеосуз күрөшүн кош колдоп гана кубаттаймын! Тилекке каршы, Ажобуз айсберг – жемкорлуктун үстү менен гана күрөшүп жатат. Менин баамымда, жемкорлук ортоңку катмарда, маселен, өкмөттүн облустардагы өкүлчүлүктөрүндө, шаар-райондордо жана айыл өкмөттөрүндө абдан күч! Мындан ары дал ушул өңүттө мыйзам чегинде реформа жасап, ыраттуу түрдө иштесе, албетте, Сооронбай Шарипович мындан утат!

Учурдан пайдаланып айтып коюуга тийишмин: кечиресиздер, президент Сооронбай Жээнбековдо дал ушул тапта кесипкөй команда жок! Мына, бир жыл аралыгында кесипкөй команда күтсө жана топтосо болмок. Эми деле кеч эмес!

Анан дагы Башмыйзамыбызда жазылгандай, Эл – бийликтин булагы. Ошондуктан, жыл сайын Элдик курултай өткөрүп, президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ишине коомдук-саясий калыс баа берилип турганы оң. Ошондо гана бийлик бутактары өз ара ымалага келип, ийиндеше иштешкенге жана жоопкерчиликти күчөткөнгө гана бекем ыңгай түзүлөт.

Аманат салсаң, абайла?

Банкирлер деле алдашат!

Республикалык “АманБанктын” Өзгөн райондук Куршап айылындагы филиалынын жетекчиси аманатчылардын депозитке салган 13,4 миллион сомунун баарын тең жеке кызыкчылыгына гана сарптап жиберген. Ага капысынан алданган жергиликтүү тургундар айласы таптакыр куруганда Башмыйзам кепили – Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышып, андан аталган банкка салган акчаларын ээлерине токтоосуз түрдө кайтарууга жардамдашууну катуу талап кылып жатышат.

– “АманБанктын” Куршап айлындагы филиалына отуз алты киши 13,4 миллион сом акча салган элек. Аны бир жылдан кийин 14,3 пайызы үстөгү менген өзүбүзгө акырындап кайтарып алмакпыз, – деп ыйлактады Өзгөн районуна караштуу Куршап кыштагынын тургуну Минара Мырзаева.

– Мен өзүм, мисалы, Орусияда кыйла жылдан бери туруктуу эмгектенгендиктен, ал жактан иштеп тапкан акчаларымды 2012-жылдан тартып эле аталган банкка үзгүлтүксүз салып келатам. Адегенде 500 миң сом төккөмүн. Кийинчерээк дагы 520 миң сом салгамын. А азыр булардын биринин дагы изи жана дайыны жок, эй!

– Мен он сегиз жыл бою Москвада бала-чакам менен тынымсыз иштедим. Жашым моминтип алтымышты дагы чапчыды, – деп т-зылдады Өзгөн районундагы Куршап айылынын дагы бир жашоочусу Муктар Жантөрөев.

-Эки миллион сомго жакын акчамды «АманБанктын» Куршаптагы филиалына жакшы ниет менен салган элек. Кашайып булардын баарынан заматта моминтип кол жууп олтуруп калдык. Мамлекет өз элин туруктуу жумуш менен камсыз этпегендиктен, моминтип чет өлкөлөргө аргасыздан тентип, кара жаныбызды карч уруп иштеп, эптеп акча тапчубуз. Эми ошону дагы каратып туруп банктарга моминтип алдатып ийдик. Демек, банктардагы шалаакы жана айласыз жегичтерди тыя албаган бул бийликтин бизге дегеле кереги барбы? Президентибиз Сооронбай Жээнбеков «Мыйзымдуулуктун кепилимин!» дейт. Анда Сооронбай Шарипович шайланып жатканда “Элиме кул сыңары иштеп берем!”-дебеди беле. Кана, ошол жигиттик убадасы, ыя? Президенттин колунда банктарга түздөн-түз тааасир этүүчү рычагдары толтура. Бир эле аймактын банк жетекчисин каматып, оңой гана кутулбастан, “АманБанктын” борбордогу башчыларынан дагы элден жеп-ичкендеринин баарын кустуруп, аларды чекесинен мыйзам чегинде калк көзүнчө жазага тарттырып, камашсын! Ошондо гана биз чындап тынчыйбыз! Болбосо, эми жөн жатпайбыз!

– Мен өзүм 545 миң сом аталган банкка төккөмүн. Өз ара түзүлгөн келишимге жараша банкка салган акчабызды бир жылдан кийин он төрт пайыз үстөгү менен өзүбүзгө дароо кайтарышмак,- деди кепке кошулган Өзгөн районуна караштуу Куршап айылынын дагы бир тургуну Айчүрөк Базарбаева.

– Мынча каражатгы Орусияда иштеп жүргөн кызым өз маңдай тери менен кыйла жылдан бери араң иштеп тапкан эле. Күйөөсү өтүп кетти. Анын үч баласын мен жапжалгыз багып келатам. Бул акчага биз дагы эптеп үй сатып алмакпыз. “АманБанкка» сала коюп, моминтип биротоло күйүп олтурабыз.

Куршаптыктардын бир нече жолку мыйзамдуу талабынан кийин гана “АманБанк” Өзгөн райондук бөлүмүнүн башчысын аргасыздан алмаштырды. Банктын жаңы жетекчиси Эмирлан Абдымомуновду Өзгөндө жумуш үстүнөн кармаганыбызда: – Бул жерде аманатчылар менен кошо биздин банк дагы катуу жапа чегип олтурат. Анткени, биздин банктын Куршаптын филиалынын мурунку жетекчиси Жеңиш Абдыкадыров аманатчылардын салган акчаларынын бирин дагы кассага эч кириштебестен, баарын тең өзү эле кымырып алыптыр. Анан дагы аманатчыларга жасалма келишимдерди түзүп, колуна кармат канга үлгүргөн экен. Бирок, мындай мыйзамсы жоруктар туурасында райондук, облустук жан республикалык жетекчилер деле таптакыр би лишкен эмес! Ал жумуштан бошогондон кийи гана баары чубалып, ачыкка чыгып жатпайбь Каржы полициясы ушул тапта бул жорукту а тараптуу териштирип жаткан маалы. Ал эм Жеңиш Абдыкадыров акуры укук коргоо ор гандары тарабынан кармалып, ушул тапта сура берип жатат. Буга акыркы чекитти эми сот гаг коймокчу. Баса, мен билгенден Жеңиш Абдыкадыров өзү абакка камалаар алдында аманатчыларга аргасыздан кайрылып, “Чыгымыңарды бүт төлөп берейин?”- дешсе дагы, аманатчылар анын убадасына таптакыр көнбөй коюшту,- деп гана жооп кайтарганга араң жарады.

-Деген менен ата мекендик бир катар серепчилер банк системасындагы мындай башаламандык жана жоопкерсиздик өлкөбүздөгү дагы 6ир социалдык жарылууну шарттайт деп өлө кооптонуп жатышат.

– Биринчиден, банк системасындагы ыраа туулук түзүмү таптакыр кыйрады. Кесипкөйлүк өлдү. Мында тааныш-билишчилик, тууган-туушкандык гана бекем тамырлады. Экинчиден, Улуттук Банктын алдында кесипкөй кадрларды даярдоо борбору бар. Бирок, ал аркыл жаш адистерди белендөө, анан гана буларды банктарда келишимдик негизде жумушка чегер деген бирдиктүү тартип жок! Үчүнчүдөн, 2 миң сомдон 500 миң сомго чейин жарандардын депозитин – салган акчасын толук бойдон төлөп берүүгө бүгүнкү күндө Кыргызстанда бир дагы банк жөндөмсүз! Төртүнчүдөн, Банк системасындагы ушундай башаламандык жана жеткен жоопкерсиздик акыбал өлкөбүздө да бир социалдык жарылууну бекем шарттап  олтурат,- дейт ата мекендик серепчи Эркин Абдыразаков.

Маектешкен: Алишер Токсонбаев

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: