Бишкекте дагы бир түнкү стационар ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 45 орундуу стационар Кара-Жыгач жаңы конушунда жайгашкан “Салтанат” ресторанында ачылган.
“Керебеттер, атайын экрандар, тамчылар үчүн штативдер орнотулуп, үч кычкылтек концентратору жеткирилди. Бейтаптарга ыңгайлуу болушу үчүн көчмө дарыкана орнотулган ”, – деп билдирди муниципалитет.
Шаардык мэриядан белгилегендей, стационар “Талас жаштар ынтымагы” коомунун колдоосу менен ачылган.
Жаңы түнкү стационар саат 21.00дөн 9.00гө чейин иштейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ