Menu

Бетке муздак суу чачкандай абал жаралдыбы?

Бөлүшүү:

Өткөн аптада Бабановчулардын жаалы көтөрүлүп, эми Өмүкеге жол ачылат окшойт деген канаттуу сезимдер пайда болгон. Ал тургай Руслан Казакпаев:- “Жаңы жылда лидерибиз буйруса келет” –деп маанайы жаркыган. Тилекке каршы парламентте маселе көтөрүлбөй, “мотор” от албай пыш этип токтоп калды. Ушунун айынан Асел Кодуранованы орун басарлыктан өзөртө тээп өч алышты. Кыскасы парламент Бабановго каршылыгын ачык көрсөттү.

Эми окуя кантип уланат? Эч кантип уланбайт. Анткени бийликтин укуругу өтө узун экенин эстен чыгарбоо кажет. Жарым миллиондон ашуун колдоочусу болгон Бабановдун азыркы бийликке эмне кереги бар? Ал келди дегиче алар тынч уктай албай калышаары турган иш да? Ошондуктан Өмүке Москвада борщун ичип дагы көпкө жүрөт го чамасы. Күч атасын тааныбай турганда бетке муздак суу чачыла берет. Коргоо
комитетиби, колдо комитетиби миң ирет түзүлсө дагын Өмүрбектин өлкөгө келишине чыйыр салып бералбайт. Демек, убара болбой эле койгула деп койсок капа болбостур, бабановчулар? Бул маалымат “каарманга” жетсе туура айтылганына ынанып калар деген пикирдебиз. Түз айткандан бир жерибиз кемип калмак беле?

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: