Menu

Шаикова элдин шайын кетирди

Бөлүшүү:

Алина Шаикова Мамкаттоонун башчысына бекиген маалда эле биз туура эмес дайындалганын какшап, бул айым мекеменин ичиндеги коррупцияны ары карай тереңдетпесе, бери карай жойгонго кызыкдар эмес экенин жазганбыз. Убакыттын өтүшү менен айтканыбыз тастыкталып отурат. Президент жеке өзү: «Мен Мамлекеттик каттоо кызматын бирдиктүү терезе ачкыла, эл ошол жерде кезекте турбасын, кызмат көрсөтүү автоматташтырылсын деп айткам. Ошону жасабай коюшту. Ал жерде ар кандай схемалар бар. Кечке иш кылбайт, ошол схемадан түшкөн акчаны топтоп коюп отурат. Ошол схеманы жок кыл десең, «эртең, бүрсүгүнү» деп жылдар өтүп жатат. Кечээ Бишкекте департаменттин башчысынын кармалганын көрдүңөр да. Буга жетекчилер, укук коргоо органдары аралашмайынча муну өзү жалгыз кыла албайт. Ким колго түшсө, ага жетекчилери жооп бериши керек» деди бир апта мурун. Буга канча убакыт берсе да чеке жылытпайт. Эң жакшысы кетирип гана тыныш керек.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: