Япониядагы “Diamond Princess” аттуу круиздик лайнериндеги коронавируска байланыштуу эки жумалык карантин аягына чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
“Diamond Princess” кемесинен биринчилерден болуп улгайган аял чыккан. Туристтерди ондогон автобустар күтүп турат.
Бүгүнкү күндө кемеден коронавируска чалдыкпаган 500дөй адамды чыгаруу күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, аталган кеме 5-февралдан бери карантинде токтоп турган. Анын ичинде 3 700 жүргүнчү жана экипаждын 5 мүчөсү бар болгон. Акыркы маалыматтар боюнча жүргүнчүлөрдүн арасынан 540тан ашууну коронавирус идетин жуктуруп алышкан. Вируска чалдыккан адамдар кемеден чыгарылып, ооруканаларга жеткирилип жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ