Ошто Жол коопсуздугун камсыздоо кызматынын башкармалыгынын инспектору жол эрежесин бузган жаранга карата ок чыгарууга мажбур болгон. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, 23-декабрда жол инспекторлору терезелери караңгылатылган “Мерседес С-320” үлгүсүндөгү унааны токтотушун айдоочудан талап кылган, унаанын ошондой эле арткы мамлекеттик номуру жок болгон.
Бирок айдоочу жол коопсуздугунун кызматкерлеринин талабына баш ийбей, инспектор С.Аны сүзүп, качып кеткен. Инспектордун шериктеши унааны токтотууга аракет кылган, бирок ал жогорку ылдамдыкта бир нече жолу жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, жолдо баш аламандык жаратып, жөө жүргүнчүлөрдүн, алардын ичинде кичине балдардын дагы коопсуздугуна коркунуч туудурган.
Жол эрежесин бузган жарандын артынан кубалап баратып, милициянын лейтенанты К.А ага карата курал колдоноорун эскертип, абага эки жолу ок чыгарган, бирок эреже бузуучу ылдамдыкты азайтпай кете берген. Анда лейтенант унаанын дөңгөлөктөрүнө ок чыгарган. Ок унаанын алдыңкы канатына тийип, тайып барып ошол учурда тротуарда кетип бара жаткан 57-жаштагы Оштун Ю.А аттуу тургунунун кулагына тийген. Ал Ош шаарынын клиникалык ооруканасына жеткирилген. Азыркы учурда анын абалы канааттаандыраарлык деп бааланууда.
Эреже бузуучу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал мурун соттолгон, 19-жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Ал башкарып бараткан унаанын алдыңкы номурлары жасалма экендиги аныкталган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ