Menu

Кундуз Жолдубаева, КСДПнын басма сөз катчысы: “Алмаз Атамбаев өзүнүн үйүн балдарга белекке бербейт”

Бөлүшүү:

“Интернет желесинде тарап жаткан «Экс-президент Алмаз Атамбаев өзүнүн хан сарыйын балдарга белекке бере турган болду, ал жерде балдар борбору түзүлүшү мүмкүн” деген маалымат чындыкка жатпайт”, – деп билдирди бүгүн, 25-декабрда  КСДПнын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева.

“Бул маалыматты алгач “Телеграф” социалдык тармагында таратышты. Анан менден такташпай туруп, расмий маалымат деп жазып жатышат. Хансарай деп Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы өзү жашаган үйүн айтып жатышса керек. Аол маалымат чындыкка дал келбейт. Мен мындай билдирүү жасаган эмесмин. Мындай чечим да болгон эмес”, – деп билдирет Кундуз Жолдубаева.

Эсиңиздерге сала кетсек, мындан 3 саат мурун белгилүү адвокат Улан Жумаков (мисалы, Аида Салянованын жактоочусу болгон) өзүнүн Twitter баракчасында «Экс-президент Алмаз Атамбаев өзүнүн хан сарыйын балдарга бере турган болду, ал жерде балдар борбору түзүлүшү мүмкүн, бул тууралу ММКларга атайын расмий билдирүү таркатылат” деп жазган.

Кундуз Жолдубаеванын билдирүүсүнөн кийин адвокат Улан Жумаков “Өкүнүчтүү, Атамбаев өз оюнан кайтса керек” деп жазды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: