Menu

Орусия дары-дармек үчүн апийим жана кара куурай өстүрөт

Бөлүшүү:

Орусия өкмөтү өлкө аймагында маңзат өсүмдүктөрүн өстүрүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун кабыл алды. Документ санкция шартында импорттолгон наркотикалык дары-дармектердин ордун басууга багытталган.

Бул тууралуу РБК Өнөр жай жана соода министрлигинин башчысы Денис Мантуровго шилтеме берүү менен билдирди.

РБК белгилегендей, учурда Орусияда 13 апийим препараты каттоодон өткөн, алардын тогузу — жашоо үчүн өтө маанилүү делген дары-дармектердин тизмесинде. Бирок бул өлкөдө алардын бирөө дагы толук мерчемде өндүрүлбөйт. Орусияда маңзат камтылган өсүмдүктөрдү өстүрүүгө тыюу салынган.

Орусия учурда курамында маңзат бар, ооруну басуучу дары-дармектерди 100 пайыз чет өлкөдөн алат. Саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова келишим түзүп иштеп келген 10 өлкөнүн тогузу Орусияга карата санкция киргизгенин маалымдаган.

Бирок алар дары-дармектердин экспортуна тыюу салган эмес. Ошентсе да Орусияда медициналык препараттардын импортун чектөөгө уруксат берген мыйзам долбоору каралган. Кийинчерээк бул норма кабыл алынган документке киргизилген эмес.

Мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө Орусия аймагында уктатуучу апийимдин сортторун өстүрүүгө жана апийимдин сабактарын кайра иштетүүгө уруксат берүү каралган. Эксперттерге өкмөттүн токтомун толуктап, өсүмдүктөрдүн акыркы тизмесин түзүү сунушталган. Учурда Орусияда өнөр жай үчүн гана кара куурай өстүрүүгө уруксат берилген.

Орусия аймагында маңзат же психотроптук заттар камтылган, көзөмөлгө алына турган өсүмдүктөргө апийимдин түрлөрү, кара куурай, наркотикалык шалфей, мескалин кактусу кирет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: