Menu

Фото – Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаарындагы жаңы жылдык балатыга катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз  Республикасынын  Премьер-министр  Мухаммедкалый  Абылгазиев Ош, Жалал-Абад  жана  Баткен облустарынын  балдары  үчүн  уюштурулган Ош шаарындагы  жаңы  жылдык  балатыга  катышты. Бул тууралуу өкмөттүн  басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө   Өкмөт башчы  Кыргыз Республикасынын  Президенти  Сооронбай Жээнбековдун  атынан  балдарды келе жаткан 2019-Жаңы жылы менен куттуктады.

Премьер-министр Жаңы жыл  балдар үчүн алар чыдамсыздык менен  күткөн өзгөчө  майрам болуп   саналарын  белгилеп,  булмайрамдын келип чыгуу тарыхы тууралуу айтып берди.

«Биз Жаңы жылдын келишин жакшылыкка зор үмүт жана ишеним менен күтөбүз. Мен чын  дилимден  жаңы  жылда силердин аруу тилектериңердин аткарылышын каалайм», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, жаңы жылдык балатыга катышууга биринчи кезекте окуунун алдыңкылары, сынактардын жеңүүчүлөрү, ошондой эле ар кандай иш-чараларда  активдүүлүк  көрсөткөн балдар чакырылды.

«Мен силер жана силердин окуудагы ийгиликтериңер менен сыймыктанам. Дайыма терең билимге ээ болуп, жакшы тарбия алып, өмүр бою өз ишиңердин мыктысы болуп жүрө беришиңерди каалайм. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков жана Премьер-министр катары – мен,  баарыбыз  силердин мектебиңерди,  окуткан эжей-агайларыңарды, айылыңарды жакшыбилебиз. Көпчүлүгүңөрдүн айылыңарга барганбыз. Жер-жерлерде жашоону жакшыртуу үчүн жаңы мектептер жана балабакчалар, спорт залдары жана маданият үйлөрү курулуп жатат. Бул иштердин баары биздин өлкөнү дагы кубаттуу жанакүчтүү кылуу үчүн жасалууда», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр ошондой эле балдарды ата-энелерин сыйлоого жана угууга чакырып, заманыбыздын белгилүүжазуучуларынын бири Чыңгыз Айтматов ага  татыктуу тарбия берген  жана өзүнүн керемет  жомоктору мененчыгармачылыкка болгон сүйүүсүн ойготкон чоң энесин дайыма эскерип келгенин айтты.

«Мугалимдердин жана улуулардын сөзүн ар дайым угуу керек.  Спорт менен алектенип,  чет тилдерди  үйрөнгүлө, денетарбиялык жана руханий өнүгүүгө, билим алууга умтулгула. Келечек силердин колуңарда. Силер бактылуу, дени сак жана акылдуу болсоңор – бул биздин бакыт. Биз бул максаттарда күнүгө иштейбиз. Силердин келечегиңер кең болуп, бекем жанакүчтүү өлкөдө жашашыңарга тилектешмин. Баарыңарга ден соолук, бакыт жана бардык башталыштарда ийгиликтердикаалайм»,- деп баса белгиледи Өкмөт башчы.

Иш-чара майрамдык концерттик программа менен уланып, соңунда аймактардан  келген балдарга  КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин атынан белектер тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: