Зоопарк кызматкерлеринин биринин айтымында, окуя 28-декабрда болгон.
– Арстан кызматкер тамак берүү үчүн киргенде талап салды. Бизде ал ачка болушу мүмкүн деп божомолдоп жатабыз», — деди зоопарк кызматкери.
Бул маалыматты Анжиян шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкери ырастап, бирок окуянын чоо-жайы тууралуу айтуудан баш тартты.
Чоңдугу жагынан Ташкенттегиден кийинки Өзбекстандагы экинчи зоопарк эсептелген Анжияндагы зоопарк 2016-жылы ачылган. Учурда анда 50дөн ашык жаныбар кармалууда.
Буга чейин Өзбекстан зоопарктарында жаныбарлар адамдарга кол салган учурлар болгон эмес.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ