Menu

Кубатбек Боронов кытай жарандарынын мыйзамсыз миграциясы тууралуу маалыматты четке какты

Бөлүшүү:

Кыргыз-кытай мамилелерин бузгусу келген күчтөр бар. Бул тууралуу маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, кытай экспансиясынын темасын колдонуп, өлкөдөгү кырдалды дестабилизациялоого аракеттер жүргүзүлүүдө.

«Эгерде Кыргызстан Кытайга карызын бере албаса, өлкөнүн аймагынын жарымын алдырат деп айтышууда. Бул чындыкка дал келбейт, анткени бизде андай макулдашуу жок жана болушу мүмкүн эмес. Бул теманы биздин мамилелерибизди бузгусу келген адамдар козгоп жатат» – деп белгиледи Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министрдин маалыматына караганда, акыркы сегиз жылда Кытай эл республикасынын 268 жараны гана Кыргызстандын жарандыгын алган, алардын 161- этникалык кыргыздар, 72 уйгурлар, 9 өзбек, бир казак жана болгону алты кытай жарандары болгон.

Кубатбек Боронов Кытай жарандарынын мыйзамсыз миграциясы тууралуу маалыматты четке какты.

Белгилей кетсек, Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 2018-жылы  Кыргызстандын аймагына 35 миң 215 Кытай жарандары кирген жана алардын 34 миңден ашууну кайра кеткен.

2014-2018-жылдары 19 миң 260 чет элдик жарандар Кыргызстандын миграциялык мыйзамын бузган, алардын ичинен 6 миң 717 Кытайдын жарандары болгон. Өлкөдөн 1 миң 450 чет элдик жаран депортацияланып, алардын 139 Кытай жарандары түзгөн.

Булак:KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: