Кыргызстандын Кытай эл республикасындагы элчиси кызматына Тышкы иштер министрлигинин кызматкери, Кытай боюнча адиси Канайым Бактыгулованын талапкерлиги сунушталууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, анын талапкерлиги парламенттин эл аралык иштер боюнча комитетинин отурумунда каралат.
Буга чейин 2013-2017-жылдары Канайым Бактыгулова Кытайда жана Монголияда Кыргызстандын дипломатиялык миссияларында иштеп келген.
Кытайдагы Кыргызстандын элчиси кызматын буга чейин Бишкектин экс-мэри Азамат Усенов ээлеп келген. 2018-жылдын декабрь айында ал президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.
Булак:KyrgyzToday
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ