Menu

Ыңгайсыз суроолор: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салайдин Айдаровго

Бөлүшүү:

Салайдин Айдаров деген капчыгы калың «ноен» бар. Төрт жылдан бери Жогорку Кеңештин төрүндө элдин өкүлү катары отурганы менен бир дагы ирет элдин көйгөйүн көтөрүп, трибунадан оозун былкылдаткан жок. Биздин билишибизче кимдир бирөөнү кабыл алып, эл менен дагы жолугушпады. Мандатты жеке өзүнүн гана кызыкчылыгына пайдаланып, жыргал жашоосун камсыздап келе жатат десек жаңылышпайбыз. Өмүр бою мамлекеттик кызматта иштегени менен чириген байлардын катарын толуктаганы жашыруун эмес. Албетте, айлыгы аз мамкызматта иштеп жүрүп мынча байлыкты кайдан топтоду деген чыркыраган суроо жаралат. Жообу даяр, баягы эле оажы тармагын «кемиргендерден». 1994-жылдан бери акчанын чордонунда «кайнап», майлуу-сүттүү жерлерде иштеди. Бакиевдин учурунда бажы тармагын эки жыл башкарды. Асыресе бул тармактан байлык топтогон чиновниктерге тузак коюлуп, бир нечеси кармалды. Эгер «Мыйзамсыз баюу» бсренеси менен Салайдин Айдаровду чукусамунун байлыгы баягы Нурбек Айбшевдикинен эки эсеге ашып түшөрүнө күмөн жок. Өзүнө собол салып көрөлү, балким жооп берет чыгаар…

—Салайдин мырза, омур бою мамкызматта жургөнсуз, байлыкка кантип жеттиңиз ? Эгер бизнес кылсаңыз чекесин чыгарбайсызбы? Таза иштеген болсоңуз, эмне учун журналисттерден жаа бою качасыз, туз суроолорго жооп бере албай жүргөнүңүздүн сыры эмнеде? Эл өкүлү катары эмне үчүн көйгөй көтөрбөйсүз? Бүгүнкү күнгө чейин канча мыйзам жаздыңыз? Жок дегенде бир шайлоочуну кабыл алып, эл өкүлү катары алардын пикирин укканга жарадыңызбы?

Памир Манас

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: