Menu

Быйыл Чүй облусунун аңчылык чарбаларында 3000 тоо теке, 1855 элик, 6200 улар, 4313 коён, 38618 кекилик, 19000 кыргоол, 249 карышкыр, 713 чөө, 882 түлкү катталган

Бөлүшүү:

Бүгүнкү күндө Чүй облусунун аңчылык чарбаларында  3000 тоо теке, 581 каман, 1855 элик, 4313 коён, 288 тыйын чычкан, 249 карышкыр, 713 чөө, 882 түлкү, 6200 улар, 38618 кекилик, 19000 кыргоол эсептелип каттоого алынган. Бул тууралу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Андан башка да Чүй облусунун тоолорунда Кыргызстандын Кызыл китебине кирген аркар-кулжа, Тянь-Шань маралы-бугу, илбирс, аюу, кундуз сыяктуу жана башка жапайы жаныбарлар байырлайт.

9-январь күнү КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун Сокулук районуна жумушчу сапарында Төмөнкү-Чүй айылынын тургуну Магомед Алиев бул аймактагы кыргоолдордун көбөйүшү жана корголушу боюнча өлкө башчысына суроо берген болчу.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик комитеттин билдиргенине караганда Сокулук, Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунда 840 кыргоол (фазан) катталган. Ал эми Магомед Алиев айткан Камышановка айылы тараптагы зона кыргыз-казак чек арасында жайгашкандыктан кыргоолдорду коргоо иштерин жүргүзүү чек ара тартиптерине ылайык татаалдашкан.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: