Menu

Дайыр Исмадияров, ырчы: “Сүйүү бар экенине ишенбейм”

Бөлүшүү:

Бир учурда жагымдуу ырлары менен элге таанылып, далай селкилердин жүрөк оорусуна айланган Дайыр Исмадияровдун азыр да ырларын сүйүп уккандар четтен табылат. Ырчы мырза менен быйылкы жылга койгон пландары, сүйүүсү тууралуу учкай маек курдук.

—Дайыр, жаңы жылың менен! Жаңы жылды кимдер менен тостуң?

—Жаңы жылды абдан жакшы көрөм. Анткени, бул үй бүлөлүк майрам деп эсептейм. Андыктан жакындарым менен тостум. Апам, бир туугандарым менен таттуу даамдар даярдалган дасторкондо эркелешип олтурдук. Саат 12ден кийин жакын санаалаш досум менен түнкү клубга барып ырдап олтурдук. Бул мага абдан жакты.

—2018-жылы кандай жетишкендиктер болду?

—Чынын айтканда, өткөн жыл мен үчүн эс алуу жылы болду деп койсом туура болот го. Дегеним, башка жылдагыдай тытынып иштеп, ыр жаздырып клип тарттырган жокмун. Өзүм менен өзүм болуп чет өлкөлөрдү кыдырып эс алып жүрдүм. Быйыл буюрса жаңы чыгармалардын үстүндө иштеп, жеке концертимди берсемби деп ойлонуп атам.

—КТРде көгултүр отто ырдаган жоксуң. Сен дагы капа бодуп нааразы болгон кесиптештериңдин катарын толуктап жаткандырсың?

—Жогоруда айтып кеткенимдей чыгармачылык жаатта жакшы иштебегендигимден бир да каналдын көгүлтүр отуна ырдабайм деп башында эле чечкем. Ошентсе дагы кичинемден ретро ырларды абдан сүйүп укчумун. Андыктан быйыл «Ретро Дискотека» берүүсүнө катыштым. Асан Жакшылыковдун сөзүнө жазылган, обону Тарас Асанакуновго таандык, «Бийге чакырайын» деген чыгарманы аткардым. Бул ырды өзүм да жакшы көрүп дайыма ичимден кыңылдап ырдап калам, андыктан тандоомо да туура келди. Жакшы ырдаптырсың деген мактоолордуугуп ичимден өзүмө ыраазы болуп калдым.

—Ар бир аймактан чыккан ырчылар өз алдынча бөлунуп шерине жемеймодагаайланды. Өзгөндүктөрдө да барбы?

—Ооба бар. «Өзгөн өнөрпоздору» деп атап алганбыз. Ай сайын чогулуп шерине жейбиз.

—Сүйуу сезимине кабылуудан чоочулап да калдың окшойт…

—Азырынча кыздарга, деги эле махабат жаатында жүрөгүм жабык. Сүйүүгө деле ишенбей калдым. Арзуу деген сезим жок. Сүйүү издеген деле жокмун, башка иштерим көп.

—Куйөрмандарың дагы деде телефонуңду тындырбай суйүү сезимин билдирип турушабы?

—Жок, менин күйөрмандарым анчалык «тентек» эмес. Бирок, иш-чаралар болуп калганда сөзсүз сүйүүсүн арнаган күйөрмандарым чыгат. Эми мурдагыдай үйгө чейин келип, тындырбай телефон чалгандар азыр жок.

Сезим Мураталива

Булак: “Де-Факто”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: