Иранда 14-январда кулап түшкөн жүк ташуучу “Boeing 707” учагына иран армиясынын керектөөсү үчүн Бишкектен 30 тонна эт жүктөлгөн болчу. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди:
– Чартердик каттам жүргүзгөн жүк ташуучу “Boeing 707” учагы ирандык авиакомпанияга таандык. Кыргызстанга тиешеси жок. Ал 13-январда “Манаска” саат 23:10до конгон. Учак дүйшөмбүдө эртең менен саат 7:16да учуп кеткен. Экипажда 16 адам болгон. Арасында кыргызстандыктар жок.
Кырсык 13-январда эртең мененки саат 11 чамаларында Тегерандын четинде болгон. Reuters маалымдагандай, кыйроого катаал аба ырайы себеп болгон. “Пайам” аэропортуна багыт алган учак Фат аэродромуна чукул конууга аракет жазап, бирок башкарууну жоготуп жиберген. “Boeing 707” конуу тилкесинен чыгып кетип, күйүп кеткен. Борттогу 16 кишинин 15и курман болуп, борт инженер аман калган.
Иранда кулап түшкөн жүк ташуучу “Boeing 707” учагына Кыргызстандагы “Наведитс” ишканасынан алынган 30 тонна кой эти жүктөлгөн болчу. Кыргызстан Иранга 2017-жылдан бери эт экспорттойт.
Мамлекеттик ветеринария жана фитосанитария коопсуздугу боюнча инспекциядан алынган маалыматка караганда, 2017-жылы 146 тонна, 2018-жылы 786 тонна жөнөтүлгөн. Макулдашууга ылайык, кой эти гана жиберилет.
“Боинг-707” 40 жыл мурун пайдаланууга берилген. Олуттуу кыйроолордун айынан жалпысынан бул үлгүдөгү 172 учак талкаланган.
https://youtu.be/7_zHmAuzM-M
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ