Menu

Каныбек Осмоналиев, экс-депутат: “Абылгазиевдин өкмөтү жөнүндө бир дагы жакшы пикир жок!”

Бөлүшүү:

Күндөн күнгө өкмөттүн ишине алымсынбагандардын саны көбөйүүдө. Өкмөт башчылар алмашканы менен иш илгерилебей жатканын эске алып, профессор, экс-депутат Каныбек Осмоналиевди кепке тарттык. Өкмөттүн чабалдыгы боюнча айрым суроолорго жооп алууга аракет кылдык.

– Каныбек агай, өкмөт неден аксап жатат? Эмнеге ишинен майнап чыкпай, чабал болуп жатат?

– Бул суроонун актуалдуулугу Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери эле курч болуп келүүдө. Президенттин ыйгарым укуктары Баш мыйзамда абдан айлакерлик менен жазылып калган. Эч нерсеге жооп бербей эле өз бийлигин каалагандай жүргүзө берет. Анын мындай артыкчылыгын парламент көмүскө колдойт. 27 жылдан бери эле ушундай! Азыркы өкмөт жөнүндө бир дагы жакшы пикир жок. Анткени, анын курамы кокусунан эле, ар кандай конъюнктуралык кызыкчылыктардын оюну менен түзүлүп калган. Бардыгы утурумчулар! “Бир күн болсо дагы кызматымдын пайдасын көрүп алайын”- деген кургурлар! Президенттен бир кадам оңго же солго баса албаган өкмөттөн эмнени күтсө болот?

– Өкмөт жакшы иштеш үчүн эмнеге көз каранды? Эмне үчүн бизде өкмөт башчылар өз алдынча иш кыла алышпайт?

– Менимче, өкмөт жакшы иштеш үчүн Жогорку Кеңеш тез арада таркап, азыркы реалдуу күчтөрдөн турган партиялар келиши керек. Азыркы Жогорку Кеңеш болгон ресурсун бүтүрүп алып, эми жалаң гана өз кызыкчылыгына иштей баштады. Күчтүү саясый блоктогу өкмөт түзүлсө гана, эч кылчактабай иштей алат. Анын башында ошол саясый партиянын же блоктун лидери туруш керек дагы өкмөттүн ишине керт башы менен жооп бериши керек. Бирок, буга президент жана анын командасы макул болобу? Кеп ушунда!

– Эгер имиштер чын чыгып, эл жазда көтөрүлө турган болсо, ага да өкмөттүн алсыздыгы, чечкинсиздиги себеп болобу?

– Элдин ичинде «критикалык масса» күндөн-күнгө күчөй баштады. Таң калганым бийлик дагы эле мактануу же актануу менен алек. Эл менен бийлик эки башка планетада жашап жатышат! Баарынан таң калыштуусу, ушул кырдалды билип турушуп эле бир дагы кескин өзгөрүүгө багыт алган кадамдары жок. Дагы эле баягы каяша айткандарды куугунтуктамай, соттомой же коркутмай. Азыркы кызмат алган кадрларды карап туруп ойлоп кетем: “Эмне элди ушинтип эле тоготпой келеке кыла берсе болобу?”- деп! Анан албетте, эл кыжыры кайнап көтөрүлөт да. Ал үчүн жаздын келишин деле күтүштүн кереги жок! Кечээги бир журналисттин чириген картошканы Айыл чарба министринин кабинетине алып кирип бергени эле эмне деген күчтүү акция! Аны бийлик тоготуп дагы койгон жок го? Бул кенебестик жакшылык менен бүтпөйт! Мен күйгөнүмөн гана айтып жатам, башка эч кандай жаман оюм жок!

– Каныбек агай, кайсыл өкмөт башчы жакшы иштеди? Же баары эле кызматка дайындалганды анан арыз жазып кеткен менен алек болуштубу?

– Насирдин Исанов менен Жумабек Ибраимовдор татыктуу иштешти. Бирок, алардын тагдыры кандай болду, билебиз, да! Калган премьер-министрлер жөнүндө сөз кылуунун деле кажети жок! Зыяндуу иштери көп болду. Анткени, алардын бары президенттердин эле куурчагы болуп келишти! Ошондуктан кескин жана чукулунан саясый реформа керек! Система өзгөрүшү зарыл! Бол босо дагы эле бири-бирибизди жоокалатып, алдап жүрө беребиз! Элдин катуу силкиниши эле калды окшойт. Анткени, жакыр жашоонун чеги өзүнүн критикалык абалына келип калды!

– Азыркы өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев эмнени жолго сала алды? Неге Сапар Исаков баштаган долбоорлордон деле жарытылуу майнап чыгара албай жатат?

– Эч нерсе кылган жок жана кыла да албайт! Ал “президентке эле жаксам болду”-деген кыял менен эле жашап жүрөт. Бирок, өзү адамгерчилиги дурус жигит! Мен аны “ 90-чу жылдары Биринчи май районундагы кызмат сапарын баштагандан бери байкап келем! Ал учурда мен БШКин депутаты, Биринчи май райондук депутаттар тобунун башчысы элем! Азыркы Конституциялык норма премьер-министрге эбегейсиз укук берген. Эмне үчүн аны колдонууга кудурети жетпейт! Кептин бары ушул жерде жатпайбы? Эл алар үчүн жөн эле оюнчук болуп калган окшойт!

Сапар Исаковдун программаларынын көпчүлүгү реалдуу эмес болчу! Азыр тергөө органдары тескеп жатат. Эгерде, аларды адаттагыдай эле сатып алышпаса көп “иштермандардын” башы кетет. Президент аягына чейин катуу турса! Эл ошондон үмүт этип турат!

-Азыркы өкмөт мүчөлөрүнүн ичинен ишин жөндөп кете алат деп ишеним артып, купулуңузга толгону барбы?

– Мага министрлер бир-эки министрдин аракеттери жана интеллектуалдык көрөңгөлөрү жагат. Ийгиликтүү талдоо болгон! Калгандары аман эле болушсун! Бирок, алар бийликтин сүймөнчүк эркеталтаңдары!

Чынайым Кутманалиева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: