Жээнбеков Текебаевди ооруканадан ары үйүнө чыгарат деп эл күттү эле. Жыйынтыгы башкача болуп, ооруканадан оро-чулгасын алып алып, кайра түрмөгө барды. Түрмөдө зериккен карт саясатчы 60 жылдык мааракесинде өзү жок өткөрүлгөн тойдо өзүн мактагандарга жооп жана ыраазычылык иретинде аларга “ода” түрүндөгү маектерин адвокаттары аркылуу ЖМКларга чыгарып жатат. Текебаев бул ирет эчактан кайнаса каны кошулбаган Адахан Мадумаровду апендинин кызындай мактады. Ал: “Бүгүн Кыргызстанда беш саясий лидер болсо, ошонун бирөө, экөө болсо, ошонун бирөө. Биздин иделогиябыз 90 пайызга дал келет”-деп уялбай эле айтыптыр. Мындай кускуну келтире турган сөздү башкалар айтса да, Текебаев айтпай эле койсо болмок.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ