Menu

Өзбекстандын Хорезм облусунда пенсия курагындагы мугалимдер жапырт иштен алынууда

Бөлүшүү:

Жыл башынан бери Өзбекстандын Хорезм облусунда пенсия курагындагы ондогон мектеп мугалими жана бала бакча тарбиячысы жумуштан алынды.

Мугалимдер бул үчүн Хорезм облустук билим берүү башкармалыгын айыптап жатышат. Алардын айтымдарында, мекеме эмгек мыйзамдарын жана пенсия курагындагы иштеп жаткан жарандарга дем берүү тууралуу президенттин жарлыгын бузууда.

Мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, 2019-жылдын 1-январынан тарта өлкөдөгү иштеп жаткан пенсионерлер пенсиялык төлөмдөрүн толук ала башташты. Ага чейин пенсионерлерге пенсиясынын 50 гана пайызы төлөнүп келген.

Хорезм облустук билим берүү башкармалыгынан айрым пенсионерлер жаш кадрларга көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү үчүн иштен алынышы мүмкүндүгүн билдиришти.

Учурда Өзбекстанда эркектер үчүн пенсиялык курак 60, аялдар үчүн 55 жашты түзөт. 2022-жылдан тарта пенсияга чыгуу курагын жылына алты айдан узартып, аялдар үчүн 58, эркектер үчүн 63 жашка жеткирүү пландалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: