Menu

Бакыт Төрөбаев, Өнүгүү-Прогресс фракциясынын лидери: “Шылдың эле болуп атпайбызбы. Өкмөт уят болду…”

Бөлүшүү:

– Бакыт Эргешович, сиз Жогорку Кеңештин жыйынында айып пулдар боюнча маселеге кайрылып, «өкмөт уят болду» дедиңиз. Эмне үчүн антип ойлойсуз?

– 2019-жылдын 1-январынан эки мыйзам, беш кодекс ишке кирбедиби. Ошол жаңы нормалар киргенден кийин өкмөт ал мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча бир топ чараларды жүргүзүшү керек эле. Бүгүнкү күндө эмне болуп атат? Ак үйдүн алдына келип, «мен 5500 сом төлөөгө даярмын» деген адамдан айып пул алганга даяр эмес экен. Анткени, райадминстрацияда комиссия түзүлбөптүр, протоколдордун формасын билишпейт экен. Бир топ механизмдери даяр эмес болуп чыкты. «Мас абалда рулга отурсаң 17500 сом, таштанды таштасаң, түкүрсөң да 5500 сом айып пул төлөйсүң» деп роликтерди даярдап, алдын ала маалыматтарды бериш керек эле. Ошондо эл дагы түшүнүп, даяр болуп калмак. Бүгүнкү күндө шылдың эле болуп атпайбызбы. Өкмөт уят болду да. Азыр түкүрүк боюнча ар кандай тамашалар чыгып атат. А чындыгында бул тазалыкка, маданиятты өстүрүүгө багытталган, керектүү мыйзамдар болчу. «Башка жактан келгендерге биздин мамлекетибиздин таза экенин көрсөтөлү» деген ой менен кабыл алынган чечим эле. Бирок, коомчулукта ага карата эки ача көз караш пайда болуп калды. ‘Гуура, айып пулдардын өлчөмүн кыскартуу керектир. Себеби, биздеги айлыктар анча жогору эмес. Бирок, мас абалда рулга отурган айдоочуну кылмышкер катары эсептесе болот.

– «Өкмөт социалдмк тармактарда утулуп атат» дедиңиз…

– Азыр кичинекей баладан тартып, улгайган кишилерге чейин бүт соцтармактарда отурушат. Бирок, өкмөт айып пулдар, башка мамлекеттерден келип, Кыргызстандын жарандыгын алгандардын саны боюнча социалдык тармактарда эч кандай иш жүргүзгөн жок. Эл бири-биринен уккан маалыматтарга ишенет. Ал эми расмий маалыматка көп ишенбейт.

– Ишенбеген себеби эмнеден деп ойлойсуз? Өкмөткө ишеним жокпу, же фактылар чындыгында эле башкачабы?

Азыр адамдардын мүнөзү өзгөрдү. Жаман маалыматты бат кабыл алып, туура маалыматты кабыл алышы кыйын. Ошон үчүн өкмөт актиндүү иштеп, өзү берген маалыматтардын тууралыгын тастыкташы керек эле. Мен«Жогорку Кеңеште талкуулайлы» деп ошон үчүн маселе көтөрдүм. Талкуу учурунда ар кандай фактылар чыгат, маалыматтар айтылат. Ошону эл көрсүн, уксун, «маалыматты соцтүйүндөн эмес, расмий булактардан алсын» деген ой. Ошондой маалымат жок болгону үчүн башка булактарга ишенип атышат да.

Аттокур Жумаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: