Menu

Алкоголдук мас абалда унаа айдагандарга карата айыппулдун өлчөмүн 50 миң сомго чейин көтөрүү сунушталууда

Бөлүшүү:

Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга карата салынчу айып пулдун өлчөмүн жогорулатуу сунушталууда. Мындай ойду өкмөттүн өкүлдөрү менен Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов билдиришти.

Эл өкүлү алкоголдук мас абалында унаа башкарган жарандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбы деп кызыкты. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жаңы кодексте айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу каралбагандыгын билдирди.

«Демек, 17,5 миң сом төлөп коюп, андан ары деле ичип алып айдап жүрө берсе болобу? Каражаты барлар ошондой эле кылып, рулга мас отура беришет. 17,5 миң сом – өтө көп деген пикирлер бар. Бирок айыппулду жада калса 170 миң сом кылса дагы, ал аздык кылат. Андай айдоочуларды укуктан ажыратыш керек»,-деди Исхак Пирматов.

Жеңиш Разаков мас абалында унаа айдагандар үчүн айыппулду жогорулатуу керектиги жөнүндө ой менен макул болду. «Биз түкүрүктөр жана чылым чегүү үчүн айыппулдарды бириктирдик. Башка айыппулдар боюнча биз сизди толугу менен колдойбуз. Аларды көтөрүү керек»,-деди ал.

Депутат Рада Туманбаева алкоголдук мас абалында унаа айдоо үчүн салынчы айыппулдун өлчөмүн 50 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.

Булак:KyrgyzToday   

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 77 = 83

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: