Menu

Акыйкаттык бар!

Бөлүшүү:

Январдын 15инде Жогорку соттун Жазык иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясы баткендик белгилүү укук коргоочу Роза Маманованын көзөмөл иретиндеги даттануу арызын карады.

Буга чейин маалым болгондой, Кызыл-Кыя шаардык соту бул тайманбас укук коргоочуну кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин (алдамчылык) 2-6. 3-п. жана 170-беренесинин (коркутуп акча талап кылуу) 1-п. боюнча айыптуу деп таап, 4 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн аялдар түрмөсүндө өтөөнү белгилеген эле. Мындан тышкары ал доогерге 60 миң сом төлөп берүүгө да милдеттендирилген.

Жашы жетелек 4 уулдун апасы, жалгыз бой эне, соттолгон Роза Маманова соттун бул өкүмүн өзүнүн Баткен облусундагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүүсүнөн улам келип чыккан жалаанын жана куугунтуктун натыйжасы деп эсептеп, өз укугун акыр-аягына чейин коргоону чечкен болчу. Себеби, укук коргоочунун ашкерелөөчү аракеттеринин натыйжасында облус аймагында бир катар кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине кириптер кылынган эле.

Соттук коллегия даттануу арызын, иштин материалдарын терең талдап, тараптардын пикирлерин угуп, Кызыл-Кыя шаардык сотунун, Баткен облустук соттук коллегиясынын өкүмдөрүн жокко чыгарып, кылмыш ишин башка курамда кайра кароо үчүн Кызыл-Кыя шаардык сотуна жиберүү чечимин кабыл алды.

Соттун бул өкүмүнөн кабар тапкан баткенчи коррупционерлердин арасында дүрбөлөң күчөдү.

Номанжан Аркабаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: