Menu

Тажикстанда тасмалардагы уяттуу көрүнүштөргө тыюу салынды

Бөлүшүү:

Мындан ары Тажикстандын мамлекеттик телеканалдары көркөм тасмаларды катуу текшерип, уяттуу көрүнүштөрү бар кадрларды алып салат. Телеканалдардын жетекчилиги бул улуттук баалуулуктарга доо кетирет деп эсептейт.

Бул демилгени бир жыл мурда эле “Тажикфильм” киностудиясы сунуштаган. “Тажикфильмдин” жаңы уставында кинотасмалардагы адеп-ахлактуулукту коргоо жөнүндөгү атайын пункт өкмөт тарабынан колдоо тапты. Ага ылайык, киностудия көркөм тасмаларды гана жаратпастан, жергиликтүү жана чет элдик фильмдердеги уяттуу көрүнүштөрдүн алынып салынышын көзөмөлдөйт.

Тажик режиссеру Искандар Усмон бул демилге интеллектуалдык жеке менчик жөнүндө мыйзамга карама-каршы келет деп эсептейт. Анын айтымында, бул аракеттерден майнап чыкпайт:

– Совет доорунда ушундай чараларды кабыл алуу мүмкүн эле, азыр болсо Интернетте көптөгөн ачык фильмдер бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 93 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: