Menu

Эмил Токтошев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Митингдер боло берсе инвестор гана эмес, туристтер да келбей калат”

Бөлүшүү:

—Эмил Токтакунович, саясий кырдаалды курчутканга кызыккан күчтөр кытай маселесин козгоп, митингдерди уюштура баштады, бизге мунун кереги барбы?

—Азыркы бийликке азуусун көргөзгөндөрдү өлкөнүн келечеги кызыктырбайт. Алардын эң негизги максаты өч алуу. Андай митингдер, ошолор тарабынан уюштурулганы белгилүү эле болуп калды. Албетте, элде кытайлардан кооптонуу сезими бар. Өлкөбүздө алардын көбөйүп жатканы, кыздарыбызга үйлөнүп жатканы кыжырданууну пайда кылып жатат. Ортодогу бузукулар ушул кырдаалды пайдалангылары келүүдө. Бул маселени башка жол менен чечиш керек.

Кыргызстандын өнүгүүсүн кааласак, анда бизге тынчтык жана биримдик керек. Митингдер боло берсе бизге эч кандай инвестор, ал гана эмес ту ристтер да келбей калат. Өкмөт иштей албай жатат, жакында кетет деген прогноздор байма-бай айтылууда. Чындыгында эле азырынча көзгө көрүнөөрлүк иш болбогону менен, аракети бар. Менимче, өкмөткө дагы бир жылча убакыт
бериш керек. Мына Жогорку Кеңешке апрелде отчету келет, ошондо баа беребиз. Жылына өкмөттү алмаштыруу да жакшы көрүнүш эмес. Экономикага зыяны эле тиет.

—Ошого катар күзгө чукул парламент тарайт деген божомолдорду айткан саясатчылар чыкты, бул ишке ашабы?

—Парламентке өтпөй калган калган саясатчылардын чыдамы кетип сүйлөгөн сөздөрү. Парламенттин тарашына эч кандай негиз жок. Шайлоо өз убагы менен эле 2020-жылы болот. Кезексиз шайлоо мамлекетке эле зыян жана кооптуу.

—16-январь күну Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы «Азия Кубогу-2019» таймашында Филиппиндерди 3-1 эсебинде утуп, кийинки оюнга жолдомо адып бир баскычка көтөрүлүштү…

—Ооба, өтө кубанычтуу көз ирмем болду. Биздин курама командабыздын ушу ндай деңгээлге жеткени сүйүндүрдү. Алдыда дагы кызыктуу оюндар болот деп чыдамсыздык менен күтүп атабыз. Бул биздин футбол тарыхыбызда жаңы ачылыш болду десем жаңылышпайм.

Камчы Кадыров

 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: