Menu

Алмаз Имангазиев: “Мигранттар которгон каражат 2,5 млрд сомдон ашат”

Бөлүшүү:

Статистика боюнча 750 миң мигрант мекендештерибиз бар. Алардын 630 миңи Россия Федерациясынын аймагында эмгектенишет. Жыл сайын өлкө казынасына 2,5 млрд сомдон ашуун акча которушат. Бул экономиканы колдоого болгон чоң салым, – дейт  “Парламент” радиосуна берген интервьюсунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору Алмаз Имангазиев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Чет жерде мигрант болуп жүргөн мекендештерибиз көз жумганда сөөктү Кыргызстанга алып келүүгө кыргыз диаспоралары чоң көмөк көрсөтүүдө. Каза болгон маркумдун жакындары мамлекеттен 50 миң сом компенсация ала алышат, – дейт студия мейманы.

Бишкек шаарында чет жакка кетип жаткан мигранттарга тил үйрөтүп, багыт берип коопсуздугун көзөмөлдөгөн  Миграция кызматынын алдында жарандарды башка мамлекетке ишке орноштуруу кызматы бар. Алар азыр Корея мамлекети менен тыгыз иш алып барууда. Мигранттарыбыз көп эмгектенген жерлерде, ардактуу  консулдуктарды ачуу боюнча азыр иш – аракеттер жүрүп жаткандыгы да адистин маалыматтарынан улам белгилүү болду.

Жакында кабыл алынган мыйзамга ылайык, эми мекендештерибиз чет жерлерде да өз пенсиясын ала алышат. Азырынча бул келишим Түркия мамлекети менен түзүлдү. Мигранттардын коопсуздугун, иштөө шарттарын жакшыртуу үчүн баардык аракеттерди жасайбыз, – деп билдирди А.Имангазиев.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: