Menu

Жергиликтүү шартта дары-дармектер менен медициналык буюмдар өндүрүлбөй тургандыктан баа саясатындагы өсүштөр токтобой келет

Бөлүшүү:

Депутаттар  Д. Бекешев, А. Жапаров, Т. Масабиров, Б.  Райымкулов, А. Самигуллина, П. Тулендыбаев, Б.  Турусбеков тарабынан демилгеленген  “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамдын өзгөртүүлөрү бүгүн, 21 – январда  Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинде каралды. Мыйзам маңызын депутаттар А.Самигуллина менен Д. Бекешев түшүндүрүп беришти. Баяндалгандарга караганда,  бул мыйзам долбоору Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунда кайра квалификациялоодон өткөн сапаттуу дары-дармек препараттарынын, медициналык буюмдар менен жабдуулардын алда канча төмөн баа менен келүүсүн камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирет.

Дары-дармек каражаттарын сатып алууга республикалык бюджеттен чыгымдар жыл сайын көбөйүүдө. Бул Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы буюмдар өндүрүлбөй тургандыгына байланыштуу. Мындай учурда мамлекеттик сатып алуу ишинде ортомчуларды аралаштырбай  бюджеттик ресурстарды натыйжалуу пайдалануу зарылчылыгы келип чыгууда, – дешти демилгечилер.

Депутат Д.Бекешевдин айтымында, Казакстан менен Өзбекстанда жана жалпы дүйнөнүн 85 мамлекетинде ушундай дары каражаттарын БУУнун уюмдары аркылуу сатып алуу ыкмалары колдонулат.

Бирок талкууда комитет өкүлдөрүнүн бир тобу эл аралык уюмдар аркылуу ишке ашырылган мамлекеттик сатып алууларда аудит жүргүзүп текшерүү иштерине мүмкүнчүлүк жок. Ошондуктан, бул мыйзам долбоорун колдой албайм, – деген депутат А.Исмаилова болду.

Талкууда мыйзам долбооруна ынабаган эл өкүлдөрү ага каршы добуш беришти. Жыйынтыгында, жогорудагы маселе колдоо таба алган жок. Бул мыйзам долбоору боюнча өз оюн айта турган тарап эми Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитет болуп калды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: