Menu

Казакстан Сириядагы жарандарын кайтаруу операциясын улантат

Бөлүшүү:

Казакстан Тышкы иштер министрлиги менен башка компетенттүү органдар Сириядагы Казакстан жарандарын кайтаруу операциясын уланта берет. Бул тууралуу 21-январда министрликтин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди.

“Бул операция маалында негизги көңүл бир жаштан беш жашка чейинки балдарга бурулууда. Алардын көбү Сирия аймагында жарык дүйнөгө келген”, деди ал.

9-январда Астана Казакстандын 47 жараны Сириядан кайтарылганын маалымдаган.

2018-жылы Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Сирия менен Иракта согуштук аракеттерге катышуу үчүн 800 казакстандык чыгып кеткенин кабарлаган. Комитет Сирия менен Ирактын эл аралык террордук уюмдарында казакстандык 120 эркек, 250дөн ашык аял жана 500 бала бар экенин айткан.

2018-жылы 19-декабрда Казакстандын Билим жана илим министрлиги соңку эки жылда Сириядан Казакстанга 91 бала кайтарылганын маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: