“Биздин альянстын шайлоо кампаниясынын лидери Жанар Акаев болот. Ошого жараша ал парламенттеги фракциянын да лидери болот. А эгер биздин фракция башкаруучу коалицияга кире турган болсо анда Жанар спикерликке же премьер-министрликке талапкерлигин коёт”, – деп билдирди бүгүн, 8-июнда “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жергиликтүү ММКлардын бирине жаңы түзүлгөн “Ата-Мекен – Жаңы дем” альянсы тууралу интервью берип жатып.
“Фракциядагы бардык манилүү орундарды жаштар ээлешет. Ал эми Жанар Акаевге жооптуу миссия жүктөлдү – ал жөн эле символдуу түрдө, формалдуу гана шайлоо тизмесин жетектебестен шайлоодо жеңип чыгууга, жеңишти да жетектөөгө милдеттүү”, – деген Өмүрбек Текебаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ