Menu

Өткөн жылы 345 млн доллар инвестиция тартылып келсе, 328 млн доллар инвестиция чыгып кеткен

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан ЕАЭБ менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Талкуу жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев 2018-жылы андан ары жылдыруу үчүн элчиликтерге канча бизнес-долбоор жөнөтүлгөнүнө кызыкты.

Экономика министри Олег Панкратов инвестиция тартуу маселеси менен Экономика министрлиги жана Инвестицияны жылдыруу жана коргоо агенттиги иш алпара турганын белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы өлкөгө 345 млн доллар көлөмүндө инвестиция тартылып келсе, 328 млн доллар көлөмүндөгү инвестиция чыгып кеткен.

Экөөнүн ортосундагы айырма анчалык деле чоӊ эмес экенин белгилеген депутат Бахадыр Сулейманов мынчалык инвестиция тартып келдик деп мактануунун деле кажети жок экенин айтты.

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: