Бүгүн, 22-январда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Эйр Кыргызстан» компаниясынын абалы талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фондусунун төрагасы Ренат Түлөбердиев аталган авиакомпаниядагы кыраалга токтолуп, заманбап учактардын жоктугуна байланыштуу абал оор бойдон калып жаткандыгын баса белгиледи. Анын айтымына караганда, «Эйр Кыргыстандын» болгону 4 транспорт каражаты бар. Экөө колдонулбай автотоктотмодо турат. «Алардын бири бир учактын кыймылдаткычы оӊдоп-түзөөнү талап кылып, 2017-жылдын ноябрынан бери автотоктотмодо турат. Ал эми экинчи учак болсо лизинг төлөмдөрүнө төлөөгө каражат жоктугуна байланыштуу ижарага берилген. Ижарадан түшкөн каражаттын баары лизинг төлөмдөрүнө жумшалат»,- дейт Маммүлк фондунун төрагасы.
Мындан сырткары, Р.Түлөбердиев аба учактары паркын жаӊылоого каражат жоктугу башкы көйгөй болуп жаткандыгын, ошондой эле май менен камсыздагандарга карыздар бар экенин маалымдады. 2018-жылдын 9 айында кредиттик карыздар 323 млн сомду түзсө, дивиденддер боюнча карыз 4 млн 400 сом болгон.
КР вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматы боюнча Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү программасынай ылайык, «Эйр Кыргызстан» ачык ационердик коому инвестициялык сынакка коюлуп, эки жолу өткөн жок деп таанылган. «Эйр Кыргызстан» ААКсынын акцияларын реализациялоо үчүн акцияларды көбөйтүү аркылуу инвесторлорду тартуу зарыл»,- дейт вице-премьер-министр.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ