Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков УКМК төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-январда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

УКМКнын өткөн жылдагы ишмердигинин натыйжалары, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 14-декабрындагы чечимдерин ишке ашыруунун алкагында коюлган тапшырмаларды аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Кыргызстан жарандарынын коопсуздугун камсыздоо, ички жана тышкы коркунучтарга, эл аралык терроризмге жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комитеттин ишмердиги жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы өлкөнү санариптештирүү чараларынын алкагында УКМК тиешелүү органдар менен биргеликте киберкоопсуздукту камсыздоо жана Кыргыз Республикасынын маалыматтык инфраструктурасын ишенимдүү коргоо маселелеринин үстүндө иштөөсү зарыл экенин белгиледи.

Мындан тышкары, коррупцияга каршы күрөшүү, мамлекеттик жана муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын бетин ачуу боюнча активдүү жумушту улантуу керек.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: