Menu

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылык иш-аракеттерине шектелген жаранды кармашты

Бөлүшүү:

ИИМдин  Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери алдамчылык иш-аракеттерине шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

2018-жылдын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматына Бишкек шаарынын 53 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, ушул жылдын октябрь  айында  алдоо жолу менен ишенимге кирип, жабырлануучунун  акча каражатын ээлеп алган “Кыял” аттуу жаранга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.

Аныкталгандай, чала тааныш адам УКТнын мүчөсү катары өзүн тааныштырып, жабырлануучуга карыздар адамдан карызын өндүрүп берем деп арыздануучудан 17 000 сом акча каражатын алган. Бирок, бир аз убакыт өткөн соң шектүү телефон чалууларга жооп бербей,  андан соң изин жашырып кеткен.

2018-жылдын декабрь айында топтолгон материалдардын негизинде Свердлов РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмү (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан көрүлгөн  тиешелүү чаралардын негизинде
жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган Бишкек шаарында жашаган 1779-жылы туулган А.К. аттуу жаран кармалган.  Соттун чечими менен кармалган  жаран тергөө абагына камалды.

Кармалган жарандын башка дагы ушул сыяктуу кылмыш иштерине тиешеси бардыгын иликтөөдө 1979-жылы туулган А.К. аттуу жаран башка алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөндүгү аныкталды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: