Menu

Мелис кыялданбай деле койсо болот

Бөлүшүү:

Саясаттын тузагына илингендер кайра Кыргызстанга келе алышпайт. Маселен, Сапарбек Балкыбеков, Кыдыкбек Исаев, Арстанбек Ногоев, Данияр Үсөновдор ак болсо эбак эле мекенине кайтышмак. Күнөөсү бар үчун эрдик жасай албай жатышат. Ал эми көзүр качкындар тууралуу кеп кылбай койсок деле болот. Анткени алар эл алдында чоң күнөөгө батышкан. Бир гана Нурлан Сулайманов капыстан өлкөгө кирип келип, акыры бийликтин тилин тапты окшойт. Эми ага эч ким кастарын салбайт деле, анын тагдыры бир кишинин, күч түзүмдөрүнүн колунда.

Учурунда Оштун кара дөөсү, алп арстаны аталган Мелис Мырзакматовдун артында шакмары болбосо качмак эмес. Коен жүрөк болбосо төшүн “дзотко” тосуп туруп бермек. Анте албастан, зыңкып жөнөдү. Антсе да кээ бирде мен бармын дегенсип кайрылуу жасап калат. Анысынан же майнап чыксачы. Кепти бурмалабай айтканда дагы алты жылга чейин Мекең мурдун Кыргызстанга сала албайт. Себеби, Сооронбай Жээнбеков бийликте турганда анын карааны бул жерден көрүнүшү мүмкүн эмес. Эзелки кылган “тамашаларын” эсине жара чыкса да унутпастыр? Демек, Мырзакматов өзүнүн тайыз кыялдары менен жашап турууга мажбур. Ошентсе да бул жактагы колдоочулары кээде аны пиар кылып турбаса мээлери чуңкурайып кетээри бышык. Кантсе да анын токочун ахалап ысыгында жешпеди беле…

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 48 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: