Menu

АША ыйман, кудай жөнүндө сүйлөбөй эле койсо…

Бөлүшүү:

Цивилдүү нормадан сыртта жүргөн адам.

Азыр Саясый атаандаштардын, оппоненттердин акыл-эстүү болбосо да адекваттуулугун тилей турган заман. Анткени, акылдуу адам бирөөгө эрегишсе, өчөшсө, жамандык кылгысы келсе да дайыма адеп-ахлактык нормаларды карманат, андан чыгып кетсе, өзүнүн абийирин өзү кетирерин түшүнөт. Адекваттуу адам кээде нормалардан чыгып кетиши мүмкүн, бирок аны адатка, нормага айландырбайт. Ал эми адекваттуу эмес адам үчүн дайыма адеп-ахлактык, маданий нормалардан сырткары жүрүү – норма. Демократия, революция дегендер селдей нерсе экен, селдерде акыр-чикирлер, таштандылар биринчи калкып чыкса, коомдук пикир иштебеген жапайы демократия мезгилинде адекваттуу эмес адамдардын ооматтары келип, андай саясатчылардын өзүнчө тиби, тобу пайда болот экен.

Анын классикалык үлгүсү катарында – экс-президент Алмаз Атамбаевдин “феноменин” көрсөтүүгө болот. Бул адам элибиздин каада-салттарын, адеп-ахлактык нормаларын, руханий дөөлөттөрүн тебелеп, акыркы чейрек кылымдан бери оюна келгендерди кылып, оозуна келгендерди оттоп эле келатат. Убагында Чыңгыз Айтматовду жаш баладай алдап байыган, бирок анын дарегине бир ооз жакшы сөз айтпады, тескерисинче, кээде ага “бир эл жазуучусу…” деп кыйыр түрдө акаарат келтирип калат. Манас бабабызды бандитке теңеди эле, ага эч ким адекваттуу жооп бере албады. Ысык-Көлдүктөрдү, Нарындыктарды, Таластыктарды эмне деп шылдыңдагандыгын жакшы билебиз. Өлкөнүн айрым аймактарындагыларга “бөлүнүп кетсин, бөлүнүп кеткиле…” деген сөздөрдү айтканда эч ким унчукпады. Улуттук филармониянын, төрүндө отуруп алып, өздөрүн өлкөнүн каймагыбыз деп эсептешкен эркек-ургаачылар аралашкан бир жарым миң адамга көчүк жөнүндө икая айтып, анан “ар ким өз көчүгүн эмне кыларды өзү билет да” деп арсалаңдаганда да ошерде отургандар жер тиктей мылжыйышкандан башкага жарашпаган. Атаандаштарын оозго алгыс нерселерге теңеп, ажаан аялдар да айтпай турган сөздөр менен каргап-шилегендери жөнүндө айтпай эле коёлу.

Цивилдүү, өзүн сыйлаган өлкөлөрдө эбак эле чоң саясат түгүл катардагы мамлекеттик кызматтан да айдалып жөнөтүлө турган адам бизди алты жыл түз башкарганы аз келгенсип, 2040-жылга чейин аталык болуп алып, көшөгө артынан башкарууну болжогону ишке ашпай калгандан бери адекваттуу эмес кыял жоруктары мурдагыдан да күчөп баратат. Мындан чыкты АШАнын саясаты кейбириадага айланабы?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: