Жогорку Кеӊеште “КР Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” маселе каралып, бюллетень аркылуу жашыруун добуш берүү жыйынтыгында Сарыбаева Атыркүл Окелеевна Байкоочу кеӊештин курамына киргизилди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө шайланууга атаандаштык негизде жарандык коом тарабынан көрсөтүлгөн 5 талапкер – Маркабай Ааматов, Чынара Капарова, Мирбек Мурзабеков, Нургазы Мусаев, Атыркүл Сарыбаева катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ