Menu

Бакыт Бакетаев, саясат таануучу: “Акаев да, Бакиев да, башка качып жүргөндөр да келип, тергөөнүн суроолоруна жооп бериши керек”

Бөлүшүү:

—Бакыт мырза, саясаттан эчак жыдыган, эл жакшы көрбөгөн Феликс Кулов: “Аскар Акаев келип, Кыргызстанга иштесин”- деген кепти айтып олтурат. Көпчүлүк анын бул орунсуз кебин катуу сынга алып жатат. Бул маселе боюнча көз карашыңыз кандай?

—Кулов айтып чыккан маселени анализдеп көрсөк, мындай ой жаралып жатат да. Кулов жөнөкөй саясатчыдан философтун деңгээлине жакындап калды десем болот. Себеби, ал кезинде Акаевдин камаганын, ага болгон таарынычын унутуп, кек сактабай, Акаевдин Кыргызстанга келтире турган пайдаларын ачык айтты. Чынында Акаевдин башкаруу жылдарында бир топ жаман иштер, ошону менен бирге жакшы иштер да болду. Кулов Акаевдин ошол жакшы иштерин эске салып жатат. Маселен, Кыргызстанды биринчилерден болуп Демократия аралы деген атка жеткизгенин, сөз эркиндигинин башатын баштаганын айтсак болот. Акаев Кыргызстанга келсе болот, бирок ага тергөөчүлөрдүн суроолору бар. Эң алды укук коргоо органдарынын суроолоруна жооп берип, өзүнүн актыгын далилдеши керек. Биринчи кезекте Кумтөр маселеси боюнча жооп берүүгө тийиш…

—Кыргызстандын элинин дээрлик 90 пайызы Акаевди жек көрө турганын, анын Кыргызстанга келишин эмес, керек болсо сөөгү да коюлушун каалабасын Кулов жакшы эле билет. Ушунун баарын билип туруп, кайдагы маселени айтып жатат?

—Ошон үчүн Куловду мен философ деңгээлине чыгуу аракети болду деп айтып жатам. Анткени, философтор коомдо, саясатта болгон жакшы-жаман окуялардын баарын салмактап, жалпылап бийиктен карайт. Пайдалуу жагын иликтейт. Бирок Куловдун айтканы иш жузүнө ашып кетиши, албетте кыйын. Себеби, бул маселеге бийлик менен жалпы эл кайдыгер карабайт. Тиешелүү чара көрүлөт да. Негизи менин оюмча, Акаев да, Бакиев да, качып жүргөн башка мурунку министрлер да келип, укук коргоо органдарынын алдында жооп берип, өздөрүнүн актыгын далилдешсин. Эгер өздөрүн акпыз деп эсептешсе, келишсин. Күнөөлүбүз дешсе, өз мекенине келе албай ушинтип башка өлкөлөрдө күн кечирип жүрө беришет да.

Булак: «Багыт»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 67 − 63 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: