Турапов Каримберди Ырысалиевич А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдайт.
Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Эске салсак, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болотбек Осмонов Dota-2 киберспорту боюнча иш-чараны өткөргөндүгү үчүн сынга алынган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ