Menu

Жыпар Жекшеев, КТРКнын байкоочу кеңешинин төрагасы: “Илим Карыпбеков КТРКга талапкерлигин кайра койсо, биз “жок” десек, ал сотко берет да”

Бөлүшүү:

– Жыпар мырза, КТРКнын башчысы Илим Карыпбеков «мен дагы бир мөөнөткө шайлана алам» деп айтты. Бирок, байкоочу кеңештин кээ бир мүчөлөрү, мисалы, Азамат Болгонбаев «анын кайра шайланганга моралдык укугу жок» дейт. Бул боюнча сиздин оюңуз кандай?

– Мен окудум. «Моралдык жактан акысы жок» деп атпайбы. «Моралдык жактан» дегени мындай, шарттуу түшүнүк болуп атат да. Мен түшүндүм, ал эмнени айтып атканын. «Эсептөө палатасы текшергенде ири суммадагы акча туура эмес пайдаланылганы ашкереленген» дейт. Эгер «Азаттык», Би-Би-Си каналдары менен келишим түзүлүп, бизге иштеп калса ошончо акча түшмөк. Бирок, «Азаттык» бизге эмес, ЭлТРге чыгып калбадыбы. Мен деле өмүр бою жетекчи кызматтарда иштеп жүрдүм, баягы өндүрүштүн кызыкчылыгына байланыштуу кээде бюджетте ошондой статистиканы ала берсең бузуулар болот. Анан эгерде бул жерде өзүнүн пайдасына, жеке кызыкчылыгын көздөп жеп койгон болсо, менин оюмча, эчак башкы прокуратура иш козгомок, туурабы? Эсеп палатасы баарын текшерип, жүйөлүү себептерин түшүнүп, прокуратура иш козгобогондон кийин ал баарын тең түшүндүрүп берсе керек да. Бизге деле түшүндүрүп берди. Анан ушерге басым жасап эле «моралдык укугу жок» дегенге мен кошула албайм. Мыйзамда чекит коюлбайт экен. «Төрт жылга шайланат» деген гана сөз бар. Эгер ал «талапкерлигимди кайра коём» десе, биз «жок» десек, ал бизди сотко бериши мүмкүн. Себеби, мыйзамдын чегинде акысы бар. Бирок, ал азырынча ачык айта элек.

– Бирок, берүүлөрдүн сапаты боюнча деле сын айткандар көп болуп атпайбы…

– Сапаты боюнча бизге деле элден аябай көп каттар келет. Кээ бирөө сын пикирин айтат. Бирок көпчүлүгү, айрыкча региондо жашагандар «КТРКны көрөбүз» дешет. Азыр эл аралык уюмдар иликтөө жүргүзүп атышпайбы. Алардын тыянагы боюнча КТРК дагы эле Кыргызстанда эң бийик рейтингди кармап турат. Биз калыс көз менен карап, бизди иликтеген уюмдарга ишенебиз да. Өзүбүздөгүлөр болсо, анда айтат элек, «а бийликтин заказы» деп. Анан эми ар бир адамда өзүнчө пикир бар да. Бирөөнө «Апрель» жагат, бирөөнө НТС жагат. Кемчиликтер болуп калса, биз дайыма айтабыз.

– «Эң көп көрөт» деп атпайсызбы, негизги башкы телеканал болгондон кийин кааласа-каалабаса да көрөт го?..

– Азыр санариптик заман. Тээтиги тоонун башына барсаң дагы элүүгө жакын телеканалды көрүп атат. Азыр көп жерде тандап көрүп калышты. Каалаганын гана көрөт. Ошондо деле негизги жаңылыктарды толук көлөмдө көрсөтүп аткан КТРК экен. Сенсация издебей, ортодо салмактуу берип атканы көбүнө жага бербейт да. Бирок, биз… Мына өткөндө Текебаев жөнүндө документалдык тасманы көрсөтпөдүбү. Анын эмнеси бар экен? Биз тык, «эч кандай жаман эмес» деп. «дуу деңгээлге жеттик» деп айткандан мен алысмын. Кээде журналисттерден да болуп калат экен. Илимдин дагы физически күчү жетпейт баарын карап отургангачы. гө карап отурганга байкоочу кеңештин тем более шарты жетишпейт да, туурабы? Биз коомдук башталышта иштеп атабыз. Колдон келишинче бизге жеткен сигналдардын баарына өз учурунда реакция кылабыз. Канча кат келет, бирөөсүн да кароосуз калтырган жокпуз.

– Бүгүн байкоочу кеңештин дагы бир мүчөсү шайланат турбайбы. Кээ бир талапкерлер «баары алдын ала сүйлөшүлүп, эчак чечилип калыптыр» деп нааразы болушууда. Ошондой болду беле?

– Билбейм эми, сүйлөшүүлөр кандай жүрүп жатканын… Мен баарын биле албайм да. Кимиси өтөт, кимиси ким менен тааныш?.. Биз эч кандай кийлигише албайбыз. 120 депутат бар. Анын кимиси менен сүйлөшмөк элек? Биз өзүбүз подотчетныйбыз да буларга. Биздин отчетубузду сурап, катуу кармап турушат. Анан мен кимисине барып сүйлөшөт элем?.. Бизге кимиси шайланса деле иштей беребиз. Мага ни холодно, ни жарко чындыгында…

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: