Депутат Зиядин Жамалдинов алдынала белгиленген план салык боюнча 2,3 млрд сомго, бажы боюнча 1,8 млрд сомго, трансферттер боюнча 1,9 млрд сомго, мамлекеттик мүлк боюнча 200 млн сомго кем аткарылганын эске салып, бюджеттик пландын аткарылбай калуу себептерине кызыкты. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров кезинде пландын оптималдуу эле планы сунушталганын белгиледи. «Планды аткаруу боюнча баардык аракеттер жасалды. 141,5 млрд сом такталган план болчу, тилекке каршы ал аткарылбай калды», – деди ал.
Ал эми депутат Кубанычбек Нурматов өкмөт өкүлдөрүнүн көӊүлүн мунайзат өнүмдөрүнүн контрабандалык жол менен ташылып келип жатканына бурду. «Өлкө аймагына 20 миӊ тоннага чейин мыйзамсыз күйүүчү май алынып келинүүдө. Бул тууралуу силерде маалымат бар, бирок ушул кезге чейин иштиктүү чаралар көрүлгөн жок же алыӊар жетпей жатат», деп, ал акциздик маркаларга көзөмөл милдетин Айыл чарба министрлигинен алып, Салык кызматына өткөрүп берүү зарылдыгын кошумчалады.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ