Menu

Тажикстан: туулган күнүн өткөргөн ырчы $500 айыппул төлөйт

Бөлүшүү:

Душанбе соту туулган күнүндө кесиптештерин чакырып кече уюштурган белгилүү тажик ырчысы Фируза Хафизованы 5 миң сомони (500 доллардан ашык) айыппулга жыкты. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик телеканалы билдирди.

Ырчынын кечесинде тартылган видео Интернетке чыгарып, андан кийин мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүлдү.

Тажикстандын «Салттарды жана майрамдарды иреттештирүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык, жарандар туулган күнүн досторун, ырчы-чоорчуларды чакырбастан, үй-бүлө мүчөлөрү менен гана белгилей алышат. Ошондой эле туулган күндө мал союуга дагы тыюу салынат.

Аталган мыйзам 2007-жылы кабыл алынып, туулган күн, корпоративдик кечелерди, мектептеги майрамдарды, үйлөнүү тойлорду, тажияларды өткөрүүдө бир топ чектөөлөр киргизилген. Алсак, ресторандагы үйлөнүү тойго 150дөн ашпаган мейман чакырылып, кеченин өзү 3 сааттан узак болбошу керек.

Мыйзамда «Өзгөчө шаан-шөкөт» менен майрам уюштуруу үчүн 3 миң доллар өлчөмүндө айыппул каралган. Бул эрежени экинчи жолу бузгандар 3,4 миң доллар айыппул төлөшү керек болот. Аткаминерлер болсо кызматынан алынат.

Тажик өкмөтү мындай жогорку айыппулдар мыйзам бузгандардын санын азайтат деп эсептөөдө. Өлкөдө бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин орточо айлыгы 150 долларды түзөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: