Menu

“Ички иштер министри Жунушалиев кызматтан кетиши керек”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 6-февралда күч структураларынын мурдагы кызматкери, белгилүү юрист Улан Жумаков: “Ишмердигине “2” деген баа коём”. Ушуга чейин аны эмнеге кармап отурушканына тушүнбөйм” деп, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди катуу сындады.

-Бүгүн жарандарыбыз өздөрүнүн коопусуздугу үчүн санаа тартып жашап жаткандыгы көрүнүп турат. Кылмыш жаңылыктарынан милиционерлердин жүзүн байма-бай көрчү болдук. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шантаж жасаган болот, же зордуктоо сыяктуу оор кылмыштарга аралашып калышат. Адамдардын өмүрүн кыйган жакынкы эки жол кырсыгы дагы коомчулукту өзгөчө нааразы кылууда. Начальниги кол алдындагы кызматкерди токмоктогон фактылар да бар. Мунун баары министрдин өзү башчылык кылган органдын ички курамындагы жөнөкөй тартипти дагы жөндөй албагандыгын тастыктап турат, – деген У.Жумаков “Вести kg» маалымат агенттигине берген маегинде.

Буларга кошумчалап: “ Кызматкерлеринин ички тартиби ошол болгон соң, кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси тууралуу айтпай эле коёлу. Премьер-министр менен Коопсуздук кеңеши ага көңүл бурбай аткандыгына таңмын. Мындай министрди эмнеге кармап отургандыгына түшүнбөйм” дейт юрист.

Эскерте кетсек, кечээ өткөн маалымат жыйынында министр К.Жунушалиев өзүнүн ишмердигин канааттандырарлык деңгээлде деп эсептей тургандыгын айткан болчу.

Булак: Kyrgyz Today

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: