Menu

Москвада кыргызстандыктар кармалды

Бөлүшүү:

5-февралдан 6-февралга түнү  Кыргызстандын жарандары Москва шаарында россиялык укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бул иш боюнча кабар 5-февралдан 6- февралга караган түнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигине телефон аркылуу билдирилген. Кабар боюнча элчилик кызматкерлери Москванын Тимирязев ройонундагы ИИМБге тез жетип барышып, орус полициясы «Петровско-Разумовский» метро станциясынын жанындагы “Парус” соода борборунан Кыргызстандын эле эмес, Өзбекстандын, Тажикстандын дагы бир топ жарандарын кармагандыгын аныктаган. Чет элдик жарандарды кармоого санкция берүүгө ошол райондо катталган бир кылмышы иши жана ага шектүү катары азиялык түспөлдөгү адамдын болжолдонушу негиз болгон.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Тимирязев райондук ИИМБнын жетекчилиги кармалган жарандардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого убада берет. Анан тиешелүү документери текшерилгенден кийин Кыргызстандын 9 жараны бошотулуп, документинин каттоо мөөнөтү өтүп кеткен 1 жаран гана кармалып калган.

Полиция ал жарандын мыйзам бузуусуна байланыштуу административдик протокол толтурулуп, териштирүүлор бүтөөрү менен эле бошотуларын билдирген.

Булак: Kyrgyz Today

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: