Menu

Көрө албастыктан арылуунун 8 ыкмасы

Бөлүшүү:

Айтса айтпаса төгүнбү, жашоодо башка адамдын жашоосундагы ийгиликтерге, жетишкендиктерге көз артып, ага ичи тарып, кыжырданган, ызаланган адамдар көп. Көрө албастык – башка адамдын ийгиликтерин экинчи адамдын өзүн башкалардан кем сездирип, башканын кубанычын ызага, таарынычка, өкүнүчкө айланткан арамза сезим. Көрө албастык дайыма адамдын өзүнүн жашоосуна канааттанбагандыгынан, өзүн башкалар менен салыштыра бергенинен улам келип чыгат. Мына ушул арамза сезимдерге чулганган адам менен ал көрө албаган адамдын ортосунда социалдык дистанция аз болсо, көрө албастык абдан курч жана ачык болот. Эгерде бул адамдардын ортосунда жаш жагынан айырмачылык бар болсо, көрө албастык сезими аз гана учурда пайда болот.

КӨРӨ АЛБАСТЫК КАНТИП ПАЙДА БОЛОТ?

Көрө албастык жөн жеринен эмес, күткөн ийгилик жаралбай, адамдын жолу болбогон учурда пайда болот. Ал адам өз дараметин аныктай албай, алдыга койгон максаты аткарылбай калат. Андай учурда багытталган энергия үзүлүп, ызалануу сезими пайда болот. Ар бир эле адам мындай кезде өзүнүн алсыздыгын, даярдыгы жоктугун мойнуна албайт, ачуусун өзүнө багыттайт. Күтүлбөгөн жерден ишинин оңунан чыкпай калуусу адамды жатка айлантат. Күчтүү негативдүү эмоция адамдын дүйнөнү кабылдоосун өзгөртүп жиберет.

Адамдарга болгон көрө албастыктан арылуу үчүн, алгач бул сезим көрө албастыктын обьектиси болгон адамдын жашоосун толугу менен ачып бербегенин түшүнүү керек. Көрө албастык жашоо мейкиндигинин бир бөлүгүн же мезгилдин бир эсте калган учурун гана өзүнө камтыйт. Башкалар кандай турмуштук сыноолорду баштан кечирип жатканы эске алынбайт. Мисалы, бакчага барган бала эрте менен туруп бакчага барбаган ата-энесине көз артат, бирок кези келгенде ошол категорияга өтүп, ошол татаалдыктарды баштан кечирерин түшүнө бербейт. Турмуштук сыноолор адамдарды дайыма коштоп келет.

Экинчиден, башка бирөөнүн образын, ал туш болгон кырдаалды өзүбүзгө ылайыктаганыбыз менен, биз каалаган образга толугу менен жуурулутуп кете албайбыз. Эч ким жан дүйнөсүндө жат адамдын болуусун каалабайт. Андыктан, биз суктанган ийгиликтүү адамдын ордунда болуп калуу үчүн, жашоо турмушубузду, мүнөзүбүздү, адаттарыбызды өзгөртүшүбүз керек экенин эстен чыгарабыз.

КИМДЕР КӨБҮНЧӨ БАШКАЛАРГА КӨЗ АРТЫШАТ?

Башкаларды көрө албаган адамдардын категориясына өзүнүн жашоосун өзү каалагандай кыла албаган, өзүнүн ийгиликтерине канаат албаган, жалкоо же эрки жок, ойлонууну каалабаган адамдар кирет. Башкаларда бар, бир гана менде жок деген тыянакка келген, өзү жөнүндө билүүнү каалабаган, жаратмандык ишине жарабаган, башкалардын жашоосун уратып, кемсинтип, жакындарын сындап, ушактагандан канаат алган адамдар-бул сезимдин «толук ээлери». Аны менен бирге психологиялык көйгөйлөрү бар, өзүнүн кызыкчылыгын, энергиясын, эмоциясын бир нукка бура албаган, өзүнүн күчүн, ресурстарын баалай албаган, ийгиликтүү адамдарга болгон көрө албастык сезиминен кантип арылууну билбеген адамдар да бул топтун «кардарлары»…

1-КЕҢЕШ: ЭҢ НЕГИЗГИСИ-ӨЗҮҢҮЗДҮ КАНДАЙ БОЛСОҢУЗ, ОШОНДОЙ КАБЫЛ АЛЫҢЫЗ.

Көрө албастыктан арылуунун эң жакшы ыкмасы- жагымсыз фактыны кандай болсо, дал ошондой кабылдоо керек. (Мисалы, досуңуз сүрөттү мыкты тартат, сиздин сүрөт тартуу жөндөмдүүлүгүңүз анча эмес). Фактыны жөн гана кабылдоо керек, дүйнөдө идеалдуу адамдар жок экенин эске түйуп алуу зарыл.

2-КЕҢЕШ: ОЙДОН ЧЫГАРЫЛГАН АДИЛЕТТҮҮЛҮККӨ ТАЯНБАҢЫЗ.

Эгер коңшуңуз же досуңуз бир иш жасап, жеңил гана чоң каражаттарды таап жатса, алар буга татыктуу эмес дегениңиз жарабайт. «Менделе иштеп жатам, мен дагы чоң каражаттарды алууга татыктуумун» деген сезимдерге алдырбоо керек. «Эмне үчүн менин анын кымбат машинесиндей машинем, жакшы үй-бүлөм жок?» деген суроолорду азыраак бериңиз. Адам жаратылышынан эгоист, сөзсүз кимдир-бирөөнүн бир нерсесин менчиктеп алгысы келет. Сиздеги бар нерсеге кубана билиңиз. Көрө албастыктан тез арылуу үчүн позитивдүү маанай, реалдуу кадамдар жардам берет.

3-КЕҢЕШ: ӨЗҮН-ӨЗҮ ТАЛДОО, ЭМОЦИЯЛАРДЫ БАШКА НУККА САЛУУ.

Көрө албастык сезимин ак жана кара (Белая и черная зависть) деп экиге бөлсө болот. «Ак көрө албастык» жакын адамыңыз үчүн кубаныч, сыймыктануу сезимин тартуулайт. Көтөрүңкү маанайды эргүү катары пайдаланса болот. Чыгармачылыктагы ой жүгүртө билүү «кара көрө албастыктан» натыйжалуу арылуунун бир ыкмасы. Чыгармачылык максатка жетүүгө жардам берет. Көрө албастык сезимин тумчуктуруп, убактылуу оюңузду сүрөт тартуу, китеп окуу, сүйүктүү ишиңиз менен алаксытыңыз. Күндөлүк ачып, кызыктуу ойлорду, окуяларды, өзгөчө нерселерди жазыңыз.

4-КЕҢЕШ: БАШКАЛАРДЫН ТАЖРЫЙБАСЫН БИЛИМДИН БУЛАГЫ КАТАРЫ ПАЙДАЛАНЫҢЫЗ.

Адамдар өздөрү көрө албаган адамды көбүнчө сындап, өзүнүн деңгээлине түшүрүүнү каалашат. Ичи тар адам билим алуу, ийгиликке жетүүнүн жолдорун билүүгө кызыкпайт. Сындаганды токтотуңуз! Башка бирөөнүн ийгилигин көрө албагандын ордуна, бул кырдаалдагы сизге пайдалуу нерсеге көңүл буруңуз. Анын кылган ишин талдаңыз, өзүңүз эмне менен алексиз? Өзүңүздү сын көз караш менен карап, оюңузга жетүүгө эмне тоскоол болуп жатканын билиңиз. Башкалардын ийгилиги дайыма жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн жаңы горизонтторун ачат.

5- КЕҢЕШ: КЫЛЫМ БОЮ ЖАШАП-КЫЛЫМ БОЮ ОКУ!

Материалдык жетишкендиктерден сырткары адамга интеллектуалдык канааттануу керек. Жагымдуу таасир алып, ойлорду жаңыртуунун жеңил түрү-китеп окуу. Бир гана көркөм адабиятты окубастан, илимий публицистикага да көңүл буруу зарыл. Өзгөчө психологиянын жеке чөйрөсүн, элестетүүнү, жазуучулук жөндөмдү өстүрүү пайдалуу. Убакыт өткөн сайын чыгармачылык, көз карандысыз пикир өнүгүп, көрө албастыктан кантип кутулуунун, ийгиликтин жолун табасыз.

6- КЕҢЕШ: КӨҢҮЛДҮ БАШКАГА БУРАБЫЗ.

Көңүл бурууну башка багытка бурууну үйрөнөбүз. Эгерде сиздин көңүлүңүз жалаң куру көйгөйлөргө толтура болсо, жашооңуздагы эң бактылуу учурларды эстеңиз. Өткөн көрүнүштөрдү пайдаланып, эмоцияңызды минустан плюска алмаштырыңыз. Адамдарга болгон көрө албастыктан арылып, көңүлдү башкага бурууга айланадагы ачык түстөр, үндөр жана жыпар жыттар жардам берет.

7- КЕҢЕШ: ЭМОЦИЯҢЫЗДЫ КӨЗӨМӨЛДӨЙ БИЛИҢИЗ.

Башка бирөөнүн ийгилигине, досуңуздун кубанычына ортоктош болуңуз. Оң эмоциялар жалаң жакшы нерселерди өзүнө тартып, көрө албастык сезимге бөгөт коет. Мындай аракет ишке ашпаса-мотивация болуп маанайыңыз өзгөрөт.

8- КЕҢЕШ: АТААНДАШТЫКТАН РАХАТ АЛЫҢЫЗ.

Атаандаштык сезими, ишкер дүйнөсүндөгү туруктуулук бир жагынан артыкчылыкка негизделген. Көрө албастык сезими ишке керектүү сапаттарды-тактык, креативдүүлүк, стресске туруктуулукту жогорулатат. Андыктан атаандашуу менен ийгилик жарата билиңиз!

Карина Акимова

Булак: “Майдан.кж”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 − = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: