28-январдан-3-февралга чейин Пакистандын Гилгит-Балтистан аймагында Кыргызстандык спортчулар Кыргыз Республикасынын Элчилигинин активдүү жардамы менен эл аралык кышкы оюндарына башка чет өлкөлүк жана Пакистандык топтор менен катышышты. Бул тууралу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Оюндардын сыйлуу коноктору кышкы спортту өнүктурүү боюнча Кыргыз Республикасынын салымын баалап, элчиликке чоң ыраазычылыгын белгилешти.
Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы маданият байланыштарды бекемдөө жана кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ